Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат партияларды мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылоону сунуштайт 

Мурдагы эл өкүлү мыйзам долбоору жарандардын арасында нараазычылык жаратары турган иш деп ойлойт 

Жогорку Кенештин депутаты Айнуру Алтыбаева саясий партияларды мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылоону сунуштайт. Ал мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.

Документте түз мамлекеттик каржылоону киргизүү демилгеси эле жазылбастан, саясий бирикмелердин түзүлүшүнүн жана ишмердүүлүгүнүн нормалары да жазылган. 

Мыйзам долбоору боюнча, партия акыркы парламенттик шайлоолордо шайлоочулардын 2 пайыз добуштарын гендердик теңдик, жаш категориялары боюнча жазылган критерийлерге ылайык, жана ДСМЧА тууралу квота сакталган учурларда гана мамлекеттик бюджеттен каржыланышы мүмкүн.  

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков бул мыйзам долбоорунун авторлошу болгон. Анын айтымында, партияларды мамлекеттик каржылоо кээ бир өлкөлөрдө иштеп келе жатат. 

- Эгерде биз, муну өзүбүзгө киргизе турган болсок, анда саясий бирикмелерди мамлекеттик каржылоо үчүн, так критерийлердин болушу шарт, - деди мурдагы депутат Vesti.kg сайты менен болгон аңгемелешүүсүндө. - Эгерде биз, кандайдыр бир акыйкат критерийлерди иштеп чыксак, менин оюмча, бул туура эле болмок. Кандай болгондо да, партияларды жалаң эле олигархтар каржылабай турган болсо, бул маанилүү. Партиялар мамлекет тараптан да колдоо алышып, жашаганга каражаттары болушу керек. 

Жээнбеков 2013-жылы Айнуру Алтыбаева менен бул мыйзам долбоорунун үстүндө иштегендигин кошумчалады жана анда мамлекеттик камсыздандырууну Жогорку Кеңешке өткөн гана партиялар алышат деп айтылган эле.

- Эгерде парламенттик партияларды гана каржылайбыз десек, анда алардын Жогорку Кеңешке добуштарды сатып алуу жолу менен келе тургандыгын да эске алышыбыз керек, ошол эле учурда алар мамлекеттен каржылоо ала турган болсо, акыйкатсыздык болуп калмак, - деди ал. - Азыр карап көрүү керек, Алтыбаева эмнелерди сунуштайт, жана ачык талкуулоо боло турган болсо, өзүбүздүн критерийлерди сунушташыбыз керек. 

Мурдагы парламентарий Алишер Мамамасалиев мыйзам долбоору ашыкча деп атады. 

- Жогорку Кеңешке өткөн партиялар, азыркыга чейин тигил же бул жагынан мамлекет тарабынан каржыланат, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Секретариат аркылуу алар түз каржыланбаса да, кайсы бир кызматтары, телевидениедеги эфир, эксперттин акылары жана башкалар кыйыр түрдө сөзсүз каржыланып келет. Ал эми аталган мыйзам долбоорун ашыкча деп эсептеймин, себеби, калктын парламентке болгон ишеними төмөн жана сын - пикирлерге тушугуу менен нараазычылыкты жаратат. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www





Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх