Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Премьер-министр «Газпромдун» мектеби жөнүндөгү маселеге аралаштыбы? Өкмөттүн жообу

«Мухаммедкалый Абылгазиев окуу мекемесин ишке киргизүү процессин узартпаганга гана чакырган»

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектин мэри Азиз Суракматовго «Газпром» мектебин ишке берүү процессин узартпоого чакыруу суранычы  менен кат жөнөткөн. Бул тууралу өкмөт башчысынын маалымат катчысы Адилет Султаналиев Vesti.kg сайтына кабарлады. 

Бир канча күн мурда Бишкек шаардык кеңеши окуу мекемесин  «Газпром Кыргызстан Мектеби» коомдук фондуна ижарага берүү тууралу чечим кабыл алды. 

Анын алдынан «24.kg» МА премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин атынан эки катты жарыялаган. Документтерде,  министрлер кабинетинин башчысы БШКине кезексиз жыйынын чакырып, «Газпром» мектебин аты окшош фондго өткөрүп берүү маселесин чечүүнү сунуштайт. 

- Мухаммедкалый Абылгазиев борборубуздун мэриясына жөнөткөн өзүнүн катында, «Газпром» компаниясынын колдоосу менен курулган жалпы билим берүүчү мектептин ачылышы тууралу маселенин чечилишин узартууга болбойт деген пикирин билдирген, - деп түшундүрдү маалымат катчы. - Өкмөт башчысы өз ыйгарым укуктарынын жана мыйзамдуулуктун чегинде, шаар бийликтери келе жаткан окуу жылынын башталышына чейин мектепти ишке киргизүү процессин узартканга обьективдүү себептери жок деген пикирин билдирген. 

Султаналиевдин айтымында, премьер - министр шаардын бийлиги менен «Газпром Кыргызстан» компаниясы биргелешип, шаардыктардын кызыкчылыктарынын негизинде гана келип чыккан маселелерди чечүүнүн жолдорун табышы керек дейт.

- Бул мектеп чындыгында эле биздин борборубуз үчүн уникалдуу, - деп баса белгиледи маалымат катчысы. - Ошолордун ичинде жана андагы заманбап инфраструктурага байланыштуу да. Бирок, алардын бардыгын учурда каржылап туруу жергиликтүү бюджетке оордук туудурат. Бул шарттарда Мухаммедкалый Дүйшекеевичтин пикири боюнча, шаар бийликтери «Газпром Кыргызстан» компаниясы менен биргеликте шаардыктардын кызыкчылыктарын гана көздөгөн, ушундай билим берүү мекемеси токтоп турган эмес, иштеп турган, эң заманбап талаптарга жооп берген маселелерди чечүүнүн жолдорун табышы керек делинет. 

Маанилүү, окуучулардын жалпы санынан төрттөн бири мектепке бекер, акы төлөбөстөн окутулат - булар калктын социалдык жактан аз камсыз болгон балдар, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар жана өзгөчө таланттуу балдар үчүн квота боюнча. Бул маанилүү аспект. 

Жыйынтыктап жатып, ал мектептин ишке киргизилиши, борборубуздагы жалпы билим берүүчү мекемелердин жетишпестигин чечет деп кошумчалады. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх