Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атамбаевдин кызы: Бийлик коргонуунун эң чатак усулдарын  колдонуп жатат

 

«Сиз оорулусузбу, айтыңыз? Сиздер өздөрүңүздөр атайын кызматты, качан атамдын тегерегине элдер чогулган кезде жөнөттүңүздөр» 

Бийлик жалпыга маалымдоо каражаттарына мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жөнүндө ыплас маалыматтарды берип жатат. Бул тууралу анын кызы, сүрөтчү  Алия Шагиева билдирди. 

«Андан дагы, ал жазуу түрүндө тергөөнүн бардык суроолоруна жооп берүүгө даяр болчу! Элдерди коркунучка кептеп, алардын өмүрү жана ден-соолугун тобокелчиликке салып, алгачкы эле секундаларда атышты баштагандын кереги бар беле, Сооронбай Шарипович? Бул, биздин өлкөдө ушинтип көрсөтмө алышабы? [...] Эң эле жакпаганы - бийлик өзүн коргошу үчүн эң ыплас усулдарды колдонуп жаткандыгы: жалпыга маалымдоо каражаттарына менин атам тууралу аялдар жана балдарга жашынып алып деген ыплас маалыматтарды берип жатат. Сиз оорулусузбу, айтыңыз? Сиздер, өзүңүздөр, атамдын тегерегине элдер чогулган кезде атайын ыкчам отрядды жөнөтүп жатасыздар» - деп кайрылды Жээнбековго Шагиева. 

Шагиева, анын атасы Конституциялык палатанын чечимин күтүп жаткан, ошондуктан суракка барган эмес деп белгилейт. 

«Менин атам Конституциялык палатанын чечимин күтүп жаткан жана ошол үчүн суракка барган жок, себеби, биздин эң жакшы эсибизде калган, качан, «жөнөкөй көрсөтмөлөрдү берген» учурда Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовдор камалышкан.  [...] Алар атайын кечки саат сегизде штурмга барышкан жана алар жарым сааттык терезе тууралу да билишкен, андан да, ошол маалда жөнөкөй элдин көп боло тургандыгын да ойлоруна сактап коюшкан. Алар арамзалык менен бардык байланышты өчүрүшкөн, берүүлөрдүн торунан бардык оппозициялык каналдарды чыгарып коюшкан жана «Апрелди» да аларга кошушкан», - деди ал. 

Кечээ Шагиева, Алмазбек Атамбаевдин тегерегинде болуп жаткан абал тууралу алгачкы жолу комментарийлеп, анын качкандыгы жөнүндөгү ушактарды четке каккан.  

Эске салсак, 2019-жылдын 7-августунда, кечинде милициянын жана КР УКМКнын кызматкерлери Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн штурм менен алышкан. Ички иштер министрлигинен, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна мурдагы мамлекет башчысынын катыштыгы бар экендиги учурда аныкталгандыгын билдиришти. 

Мурдагы президенттин тарапташтары таштар менен куралданышып, каршылык көрсөтүшкөн.  Бир канча укук коргоочунун куралдарын тартып алышкан.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, атайын кызматтын бир жоокери алган жаракаттарынан улам курман болгон.  Ооруканаларда 50 жаракат алгандар дарыланып жатышат. 

Эльдос Казыбеков

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх