Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаев: Менин тарапташтарымда курал жок эле, мен өзүм ок чыгардым 

Мурдагы президент, Кой-Таштагы жаракат алгандарга Сооронбай Жээнбеков жоопкерчиликтүү экендигине ишенет 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн тарапташтары менен бүгүн 16:00дө «Медиа-Форум» имаратынын алдында чогулушуп, андан кийин «Ак үйгө» карай багыт алышат. 

Атамбаевдин айтымында, атайын кызматтын аракеттеринин айынан жаракат алгандарга Сооронбай Жээнбеков жоопкерчилик тартат. Ал  «Жээнбеков үчүн бардыгы - эчтекеге жарабаган адамдар, ага Раим миллион жана туугандары, кудалары маанилүү» деп ишенет.

Мындан тышкары, мурдагы мамлекет башчысы, анын тарапташтарында курал болбогондуна ишендирип кетти.

«Менин тарапташтарымда курал болгон эмес,- деп белгиледи ал. - Мен өзүм ок чыгардым, бирок, элдерге карап ок атканым жок».   

Эске салсак, 2019-жылдын 7-августунда, кечинде милициянын жана КР УКМКнын кызматкерлери Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн штурм менен алышкан. Ички иштер министрлигинен кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна мурдагы мамлекет башчысынын катыштыгы бар экендиги учурда аныкталгандыгын билдиришти. 

Мурдагы президенттин тарапташтары таштар менен куралданышып, каршылык көрсөтүшкөн.  Бир канча укук коргоочунун куралдарын тартып алышкан.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, атайын кызматтын бир жоокери алган жаракаттарынан улам курман болгон.  Дагы 48дей жаракат алгандар ооруканаларда жатышат. 

Эльдос Казыбеков

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх