УКМКнын башчысы Орозбек Опумбаев кызматтан кетүүгө даяр
Анын айтымында, ал арызын президентке жазып берген
УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев, Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операцияда мурдагы президенттин тарапташтары менен атайын кызматтын жоокерлери жаракат алгандан кийин, кызматтан кетүүгө даяр.
Бул тууралу ал, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороевдин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
- Мен бүгүн эрте менен эле президент Сооронбай Жээнбековго кызматтан кетүү тууралу кайрылдым, - деди ал. - Мен дагы көбүрөөк жоокерлерди бул операцияга тартсам болмок.
Аткаминер менен парламентарийдин ортосунда оозеки айтышуу болуп өттү.
Опумбаев, депутаттын «туура суроолорду беришин» талап кылды.
Депутат Алмамбет Шыкмаматов, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев да кызматтан кетиши керек экендигин белгиледи.
- Атамбаев ачык эле айткан, бир коңгуроо менен 2 миң адамды чогултамын деп, жана алар аткылашат, - деди ал Опумбаевге. - Сиздерде, абал тууралу маалыматтарды чогултуу үчүн, аларга атайын аралаштырылган кызматкерлериңиздер болушу керек эле. Бул операция - ишке ашкан жок.
Зулайка Эркимбаева
Фото www