Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын башчысы: Мен Атамбаевди жаш балдарды атат деп күткөн эмесмин 

Атайын кызматтын жоокерлери мурдагыдай эле барымтада калышууда 

УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев атайын кызматтагылар менен бирге түнү бою мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операция жүрүп жаткан учурда Кой-Таш айылында болгон. Бул тууралу, ал Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысынын айтымында, атайын кызматтын кызматкерлери помпалык курал жана жарыктандыруучу-үн чыгарган гранаталар менен куралданган. 

 Орозбек Найманович, Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин  мыйзамсыз бошотулгандыгы тууралу иш боюнча тергөө органдарына үч жолу сурак берүүгө чакырылгандыгын эске салды.

 - Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп, айдап келүү жөнүндөгү тапшырманы аткаруу үчүн кызматкерлердин оптималдуу санын аракетке келтирдик, - деди Опумбаев. - Мурдагы президент мыйзамга баш ийбеди, жана үйүнө, тагыраак айтканда, бункерге жашынып алды. Ал жайдын сүрөтү бар, көрсөтүүгө даярмын. 

Ошондой эле, УКМКнын башчысы, ок атылган жерге жаш жоокерлерди жөнөтүп коюшуп, УКМК жетекчилиги кабинеттеринде олтурушат деген депутаттардын сындарына да жооп берди.  - Мени кабинетинде олтурган деп сындап өтүштү, - деп каршылык көрсөттү ал. - Сиздерге билдирип коеюун, мен жоокерлер менен биргеликте түнү бою Кой-Ташта болгонмун. Биз милиция менен барымтага алынгандарды бошотууга бардык, бирок, бизге таштарды жамгырдай жаадырышты. Чүй облустук ИИББнын башчысы Самат Курманкулов оор жаракат алды, ал мени менен бирге жалгыз фуражкасы менен болчу. 

Опумбаев, ошондой эле, жаракат алган күч органдарынын кызматкерлери тууралу маалымат берди. 

- 19 адам ооруканада, 6 адам октон жаракат алгандар, жандандыруу бөлүмүндө жатышат, - деп кабарлады ал. - Атамбаев анда снайпердик винтовка бар экендигин өзү айткан. Курман болгон  атайын кызматтагы Үсөнбек Ниязбеков көкүрөгүнө винтовкадан ок жеген, себеби, ок бронжилетти тешип кеткен. 

УКМКнын төрагасы курман болгон атайын кызматтагы адамдын артында аялы жана беш баласы жетим калгандыгын да айтты. 

- Тилекке каршы, Алмазбек Атамбаевдин жаш жана куралы жок балдарды атат деп күткөн эмесмин, - деди ал. - Ниязбеков 1972-жылы туулган, эң кичүү уулу 5 жашта эле. Бул жоокерибиз Ошто жана Өзгөндө террористерди колго түшүрүүгө катышкан, ошондо да жеңил жаракаттар менен чыкканбыз. Кечээ кызматкерлер, аларга ок атышат деп, керек болсо, даяр эмес болчу. Мен ушул убакка чейин, аларга ок атууга уруксат бербегениме кайгырып жатамын. 

Опумбаев мурдагы президенттин тарапташтары сөздөрүн аткарышпады деп билдирди. 

- Равшан Жээнбеков жана  Асел Кодуранова, эгер милиция Кой-Таштан чыгып кетсе,  эртең эрте менен биздин жоокерлерди бошотобуз деген сөздөрүнө турушпады, - деп эске салды ал. - Бирок, атайын кызматтын жоокерлери азыркыга чейин Атамбаевдин үйүндө. Аларды мазактап жатышат. 

УКМКнын төрагасы, анын кызматкерлери аягына чейин турууга даяр экендиктерин кабарлады. 

- Мен аягына чейин турууга тапшырма бердим, өздүк курам бир добуштан мени колдошту, - деп жыйынтыктады ал.

Зулайка Эркимбаева

Фото www 




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх