Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кундуз Жолдубаеваны кайрадан суракка чакырышты

КСДПнын расмий өкүлүнүн жактоочусу, сөз Алмазбек Атамбаевдин штабындагы барымтадагылар тууралу жүрсө керек, деп боолголоодо

КСДПнын төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаеваны ИИМге суракка кайрадан чакырышты. Бул тууралу анын жактоочусу Замир Жоошев  Vesti.kg сайтына кабарлады. 

Ал Жолдубаева суракка саат 12:00дө барышы керек, кайсы иш боюнча чакырылыгандыгы тууралу сурообузга жооп бере албаймын деп тактады. Ошол эле учурда ал, сурак мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин штабында кармалган барымтадагылар тууралу боло тургандыгын болжолдоп айтты. 

- Алдын ала айтсам, аны кечээки эле иш боюнча чакырышкан, - деп белгиледи Жоошев. - Билбеймин, мүмкүн, башка иш боюнча чакырышы да мүмкүн. 

Жоошевдин айтымында, Жолдубаеваны биринчи суракка алуу мыйзам бузуусуз өткөн. 

Эльдос Казыбеков

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх