Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келди (видео) 

Президентикке мурдагы талапкерди туугандары, партиялаштары жана тарапташтары тосуп алууда

Президентикке мурда талапкер болгон Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келди. Ал Москвадан Бишкекке «Аэрофлот» авиакомпаниясынын рейси менен 14:40тар чамаларында учуп келди.

Саясатчынын мекенине кайтып келгендиги тууралу аз убакыт мурда белгилүү болду. УКМКдан, эгер Бабанов  Кыргызстанга келе турган болсо, аны мыйзамга ылайык, жоопкерчиликке тартылат дешкен болчу. Руслан Казакбаев, кандай гана учур болбосун митинг болбойт деп билдирди.

Аэропортто Өмүрбек Бабановду 500дөн ашык адам, анын ичинде туугандары, партиялаштары жана мурдагы депутаттын тарапташтары күтүп турушту.

Мурдараак билдирилгендей, Бабанов Алмазбек Атамбаевдин  камалышына жана анын Кой-Таштагы үйүнө болгон штурмга жана өлкөдөгү курч абалга байланыштуу Кыргызстанга кайтып баруу чечимин кабыл алган.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов Россияга президенттик шайлоолордон кийин чыгып кеткен. Ага карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш Кодексинин 297 «Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө эл алдында чакырык таштагандыгы» жана  299 «Улутуна, түсүнө же динине карап кастыкты козутуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. 

2019-жылдын апрелинде ал өзү мекенине кайтып келемин деп жарыялап, Москвадан Кыргызстанга учамын деген күнү, учуудан баш тартып, жакынкы убакыттарда мекениме кайтып барамын деп сөз берген.  

Зулайка Эркимбаева

Медина Купсулдаева

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх