Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ирина Карамушкина: Мени суракка чакыруу менен ИИМ менин статустук укуктарымды бузуп жатат 

Парламентарийди бүгүн саат 16:00гө күтүп жатышат

Жогорку Кеңештин депутаты жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Ирина Карамушкинаны күбө катары экинчи жолу суракка чакырышты. Бул тууралу ал өзү Vesti.kg сайтына кабарлады. 

Парламентарийдин айтымында, ИИМдин кызматкерлери Кой-Таш айылында 7-8-августа болуп өткөн окуялар тууралу иш боюнча кээ бир деталдарды тактаганы жатышат. Бирок, депутат милиция тарабынан жасалган мындай аракеттер анын «статустук укуктарын» бузуп жатат деп эсептейт. 

- Өткөн жолу тергөөчү ИИМ БТБнын башчысы менен, менин сурагымды чечмелеп турушту жана кошумчалашты, - деп айтты Карамушкина. - Ал эми азыркы учурда шайлоочулар менен жолугушуулар жүрүп жатат, биз өлкөнү кыдырып чыгууга укугубуз бар. Мени суракка чакыруу менен, алар менин депутат деген статустук укугумду бузуп жатышат. 

Алгачкы жолу Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранованы суракка 9-апрель күнү чакырышкан.  

8-августа мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди анын Кой-Таштагы үйүн экинчи жолу штурм менен алуу аракеттеринен кийин камакка алышкан.

Ага «Паракорчулук» беренеси боюнча айып тагылды. Биринчи Май райондук соту УКМКнын убактылуу тергөө абагына 26-августка чейин аны камакка алуу тууралу баш коргоо чарасын чыгарды. 

Эльдос Казыбеков

Фото www





Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх