Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кашкар Джунушалиев: Атамбаев аягына чейин биз койгон шарттарга макул болгон жок

«Мен ага өз эрки менен колго түшүп берүүгө 10 бердим»

Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары менен эки жолу сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Бул тууралу ал 2019-жылдын 7-8 - августундагы окуяларга арналган пресс-конференцияда кабарлады.

- Мен ага ойлонуп туруп өз эрки менен колго түшуп берүүгө 10 минута убакыт бердим, - деп билдирди Ички иштер министри журналистерге. - Ок атуучу куралдарды колдонуу - бул өтө начар чечим экендигин түшүндүргөнгө аракет жасадым. Аны менен бирге Кундуз Жолдубаева, Фарид Ниязов жана дагы бир 25-30 жаштардагы жаш бала турду. Жолдубаева биз чыкпайбыз жана карама-каршылык көрсөтөбүз деп жатты. Мен кайра 3 мүнөт убакыт бердим. Жыйынтыгында Атамбаев кармалды.

Министрдин айтымында, Атамбаевдин үйүн коргоого жакшы даярданышкандыктары тууралу ИИМдин өкүлдөрү кабардар болушкан. Ошондуктан, мурдагы президенттин үйүнү штурм менен алуу чечими «Ички иштер органдарынын негизги милдеттери» ИИБ тууралу мыйзамдын 2-беренесине жана «Атайын каражаттарды колдонуу» жөнүндөгү 14-беренеге ылайык кабыл алынган.

8- августа мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди анын Кой-Таштагы үйүн эки күндүк штурмга алуунун экинчи аракетинен кийин гана камакка алышкан.

Ага «Паракорчулук» беренеси боюнча айып тагылды. Биринчи Май райондук соту УКМКнын убактылуу тергөө абагына 26-августка чейин аны камакка алуу тууралу баш коргоо чарасын чыгарды.

Эльдос Казыбеков
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх