Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМдин жаңы орун басары Райымбек Матраимовго тууган болуп кетеби? 

Түйүндө Памир Асановдун МБКнын төрагасынын мурдагы орун басарынын эжеси менен бирге олтуруп түшкөн сүрөтү  тарады 

Ички иштер министринин жаңы орун басары Памир Асанов, мүмкүн, мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раим Матраимовго куда болуп кетет. Мындай божомолду социалдык түйүндүн колдонуучулары айтып жатышат. 

«Ички иштер министринин орун басарлык кызматынын ордун  ээлеген Памир Асанов жана Матраимовдун эжеси - кандаш туугандар», - деп жазды Facebookка Алтынбек Таалайбек уулу деген. 

Ал түйүндө жарыяланган макаласына «Памир Асанов аялы менен жана анын кайын журту Фарида Матраимова» деген сүрөтүн тиркеген. Сүрөттүн ортосунда болжол менен Райымбек Матраимовдун эжеси түшүп калган. 

здесь будет скрин поста

Башка маалыматтар боюнча, Памир Асанов Райымбек Матраимовдун аялынын бир тууган сиңдисине үйлөнгөн. Же болбосо, ички иштер министринин орун басары бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарына бажа ( аялынын сиңдиси) болуп калат.  

Ал арада жеке булактарыбыз Райымбек Матраимовдун аялы Аманда Тургунова Памир Асановдун аялы менен эки бир туугандар болуп саналышат деп Vesti.kg сайтына кабарлашты. Муну Кыргызстандын түштүгүндө «жалпыга белгилүү» факты деп аташат. 

КР ИИМнин маалымат катчылыгынан кесиптештеринин туугандык байланыштары тууралу маалыматтардын аларда жок экендиктери жөнүндө Vesti.kg сайтына жооп беришти. 

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарынын агасы Искендер Матраимов материал чыгып жатканда, аны чечмелеп берүү үчүн байланышканга мүмкүн болбоду. 

Алина Осмонова 

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх