Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атамбаевди Кой-Таштагы жер тилкесин мыйзамсыз алгандыгы тууралу айыпташууда  

Мурдагы президенттин жактоочусу жарандык-укуктук ишти «паракорчулук» ишине кантип байлап салышкандыгын түшүнө албай жатат 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата - Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз алгандыгы тууралу дагы бир иш козголду. Бул тууралу анын жактоочусу Сергей Слесарев  Vesti.kg сайтына кабарлады. 

Бул айыптоо, анын айтымында, мурдагы мэр Албек Ибраимовдун аялы Айнурадан сатып алынган жер тилкесине байланышкан. 

- Бүгүн Кой-Таш айылындагы жер тилкелерине байланышкан эки кылмыш иши тууралу билдирүү тапшырышты, - деди Слесарев. - Алардын баары «Паракорчулук» беренеси боюнча. 

Эмне үчүн укук коргоо органдары жарандык-укуктук ишти кылмыш ишине кошуп салгандыгын Слесарев түшүнө албай турат. 

- Мындай иштердин баары дайыма жарандык мыйзамдардын алкагында өтүп жүргөн, - деп белгиледи ал. - Бул жерде кылмыш иши тууралу сөз да жок.  Териштиребиз. Башынан эле белгилүү болуп турат - эгерде Жогорку Кеңеш ушундай айыптоолорду такса, прокуратура аны сөзсүз колдойт. 2019-жылдын 7-августуна чейин Атамбаевди күбө дешип жатышса, ошондогу окуялардан кийин, аны өтө көп сандагы кылмыштарга шектүү адам катары тездик менен айып тагыла баштады. Мына ушул бардык актылар аны басып алгандан кийин пайда болду. Бул логикага туура келбейт. 

Слесаревдун пикиринде, бийлик дагы бир күнөө тагышы мүмүн - Бишкек ЖЭБине көмүрдү мыйзамсыз сатып алуулар боюнча.

Эльдос Казыбеков

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх