Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Раиса Атамбаева: Жээнбеков 22 жыл бою биз менен столго бирге олтуруп, биздин арабызда болду 

Мурдагы президенттин аялы эл алдында алгачкы жолу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды

Азыркы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевдин жанында 22 жыл бирге болуп, ага «берилгендигин» жана «достугун» айтып келген. Бул тууралу мурдагы президенттин аялы Раиса Атамбаева билдирди. 

«Мен мамлекет башчысына кайрылгым келет. Ал 22 жыл биз менен бирге жүрдү, үйүбүздө болду жана жылуу сөздөрдү сүйлөп жүрдү. Бирок, учурда булардын баары тебеленди. Анын берилгендиги тууралу бардык сөздөрү - артта калды», - деп билдирди Атамбаева. 

Анын айтымында, Жээнбеков өз элинин жана эл аралык коомчулуктун алдында өзүнүн репутациясы тууралу ойлонушу зарыл. 

«Учурда анын биздин үй-бүлө , эл жана өзүнүн мурдагы соратниктери менен эмнелерди жасап жаткандыгы жөнүндө - ойлонуп көрсүн, өз элинин көз алдында кандай көрүнө тургандыгын», - деп белгиледи ал.

Азыркы учурда УКМКнын имаратында Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын аныктоо боюнча соттук жыйын өтүп жатат. 

Эльдос Казыбеков

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх