Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Раиса Атамбаева уулу Сейитбек Атамбаевди катуу токмоктошкондугу жөнүндө билдирди

«Жээнибизге иш козгошту, кайын атамдыкында тинтүү болду, кечээ укканыма караганда, мага карата кылмыш ишин козгоп жатышыптыр»

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлө мүчөлөрү жана тарапташтары катуу кугунтоого тушугушууда. Бул тууралу анын аялы Раиса Атамбаева кабарлады. 

Анын айтымында, жакында эле анын уулу Сейитбек Атамбаевди катуу токмоктошкон, андан анын буту сынган. Мындан тышкары, укук коргоо органдары мурдагы президенттин кайын атасынын үйүнө эч кандай документтерди көрсөтпөстөн тинтүү жүргүзүшкөн. 

«Эң жакын туугандарына басым жасап жатышат. Сейитбек Атамбаев жырткычтык менен токмоктолгон. Аны күн сайын суракка чакырууда. Анын буту гипстелип, таяк менен жүрөт. Ошондой эле жээнибизге да кылмыш ишин козгошкон, биздин кайын атабыздын үйүндө бардыгын аңтар-теңтер кылган тинүү жүрдү, ошол эле учурда эч кандай документ көрсөтүшкөн жок. Кечээ билгениме караганда, мага карата кылмыш ишин козгоп жатышыптыр», - деп айтты Атамбаева.

Эльдос Казыбеков

Фото www

Видео Медина Купсулдаева




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх