Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДПнын өкүлдөрүн «Медиа-Форум» имаратына киригизишкен жок 

Бирок, ИИМдин тергөөчүсү, алар өздөрүнүн иш ордуларына барууга укуктары бар экендигин мойнуна алды 

«Медиа-Форумдун» кызматкерлери КСДП партиясынын кызматкерлерин имаратка киргизүүдөн баш тартышты. Бул тууралу партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Vesti.kg сайтына билдирген. 

Бирок, ошол учурда ал жерге келген ИИМдин тергөөчүсү партиянын мүчөлөрүнүн имаратка кирип, жумуш ишмердүүлүктөрүн жүргүзүүгө укуктуу экендиктерин мойнуна алган. Бирок, алар ал үчүн «Медиа-Форумдун» директорунда болгон ижара келишимин көрсөтүшү керек. 

- КСДП партиясы юридикалык жак катары «Медиа-Форумдун» имаратынан ижарага иш жайларын алган, - деди Жолдубаева. - Биринчи кабатта жарандарды кабыл алууну ишке ашырып турганбыз, ал эми экинчи кабатта жумуш орундары жайгашкан кабинеттер болгон. Булардын бардыгына мөөр басылып жабылган. Кийин биз алардан сурадык, кайсы негиз менен мындай болду деп. Тергөөчү келип, ижара келишимин көрсөткөндөн кийин, бизди кое беребиз деди. 

Партиянын өкүлдөрүн жумуш ордуларына кириши үчүн керектелген документтер, имараттын директору Адилет Жумалиевде, ал кийинки жумада документтерди бере алат.

Эсиңиздерге салабыз, укук коргоо органдары мурдагы президент Алмазбек Атамбевди кармап кеткенден кийин, «Медиа-Форум» имаратын жана «Апрель» телеканалын камакка алышкан. 

Эльдос Казыбеков

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх