Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кундуз Жолдубаева: Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары бүгүн аны колдоо үчүн келишет 

Мурдагы президенттин соратниктери аны, анын жактоочуларынын арыздарын караган жерге сотко алып келишет деп үмүттөнүшөт 

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда  мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди мыйзамсыз кармагандыктары боюнча жактоочуларынын арыздарын карашат. Бул тууралу  Vesti.kg сайтына КСДП партиясынын төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева кабарлады. 

- Өткөн жолу тергөөчүнүн жок болгондугуна байланыштуу процессти жылдырышкан, - деп эске салды ал. - Бүгүнкү жыйын болот деген ишенимдебиз. Мыйзам боюнча Алмазбек Атамбаевди соттун имаратына алып келиши керек, бирок, кайра эле соттор убактылуу тергөө абагына барышы да мүмкүн. 

Ошол эле учурда Кундуз Жолдубаева,  мурдагы мамлекет башчысынын тарапташтары соттун имаратына келише тургандыктарын белгиледи.

- Албетте, адамдар аны колдоо үчүн келишет, - деди ал. 

Эске салсак, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 26-августа УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Ага карата коррупция, укук коргоо органдарына карата күч колдонуу, барымтага алуу жана массалык тартип бузууларды уюштуруу боюнча айып тагылган. 

Вероника Малышева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх