Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атамбаевдин жактоочуларынын арызын соттук кароону эртенкиге жылдырышты

Жыйынды тергөө тобунун жетекчисинин ишинин өтө көп болгондугуна байланыштуу жылдырышты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочуларынын арызын кароо боюнча соттук процесс 20-августка жылдырылды. Бул тууралу КСДП партиясынын жетекчисинин орун басары Кундуз Жолдубаева Facebook социалдык түйүнундөгү өз баракчасынан кабарлады. 

«Урматтуу достор, кесиптештер! 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мыйзамсыз кармалгандыгы тууралу соттук процесс эртенге, 20-августка жылдырылды. 

Убактысы: 20:00. Себеп - тергөө тобунун жетекчиси Эркебек Аширходжаевдин бошобой калгандыгы», - деп жазган Жолдубаева. 

(автордун орфографиясы жана пунктуациясы сакталган, - ред. эск.). 

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх