Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК мурдагы вице-төрагасы: Эгер Раиса Атамбаевага жашаганга жайы жок болсо, көчөнүн кесилишине туруп алып, элден жардам сурасын 

Мурдагы президенттин аялынын Кой-Таштагы үйүнөн башка жашай турган башка эчтекеси жок экендиги тууралу айтканы, көпчүлүккө ачууланууну пайда кылды 

Раиса Атамбаеванын Кой-Таштагы үйүнөн башка эч жай жок экендиги тууралу билдирүүсү - калкыбызды алдоо жана саясатка ойноо. Ушундай пикири менен Vesti.kg сайтына ЖКтин төрагасынын мурдагы орун басары Кубанычбек Исабеков бөлүштү. 

- Эл алдында анын сөздөрү жек көрүүнү гана пайда кылат, - деп ойлойт ал. - Атамбаев бир канча жолу мен эң бай адам боломун деп айткан. Анын буга Аскар Акаев «Волга» минип жүргөндө, мен  «Мерседес» айдап жүргөнмүн деген сөздөрү эле жетиштүү деп эсептеймин. Атамбаев паракорчулук тууралу катуу айтчу, бирок, анын уулу энергетикалык компанияны жетектеп, калкка электр энергиясын кайра сатуу менен алектенгени эч кимге жашыруун болгон эмес. Ал акчаны эчтекеден жасап жүргөн.

Кубанычбек Сатиндиевич, Кыргызстандын укук коргоо органдары мурдагы президенттин активдерин чет өлкөлөрдөн таап, аны өлкөбүзгө кайтаруу үчүн Интерполго кайрылышы керек экендигин белгиледи. 

- Мага белгилүү болгондой, Атамбаевдин Татарстанда, Кытайда жана Индияда бизнестери бар, - деп айтты ал. -Раисага эч жерде жашай турган жерим жок дегени - жалган. Эгер ошондой эле боло турган болсо, анда көчөнүн кесилишине туруп алып, биздин өлкөнүн башка кедей адамдары сыяктуу өтүп жаткандардан жардам сурасын. Өлкөдө болуп өткөн окуялардын бардыгында анын деле күнөөсү бар. Ал күйөөсүнө, эми болду, токтот деп айтканга болот эле да.  

Өз кезегинде парламенттин төрагасынын мурдагы орун басары Асия Сасыкбаева да, Раиса Атамбаева бир эле үйүм бар деп бир аз калп айтып жиберди деп божомолдойт. 

- Анын сөздөрү - көпчүлүккө оюн катары айтылган - деп белгиледи Vesti.kg сайты менен болгон сүйлөшүүдө Асия Сасыкбаева. - Чет өлкөлөрдө катылган акчалары сөзсүз бардыр. Ошол эле учурда Кыргызстандагы акчаларынын бардыгын табышкан жок. Керек болсо, туугандарынан да акчаларын табышты. 

Эсиңиздерге салабыз, мурдараак  Vesti.kg сайтынан мурдагы президенттин аялы Раиса Атамбаеванын эгерде Кой-таштагы үйүмө мөөр басып жаап коюшса, мен көчөдө каламын деген сөздөрүн беришкен. 

Атамбаеванын айтымында, аталган кыймылсыз мүлк алардын жеке каражаттарына алынган. 

«Резиденциядагы биздин жашаган жерибизге мөөр чапталган, - деп кошумчалаган ал. - Мен ал жерге кире албаймын жана ал жерден буюмдарымды ала албаймын. 2002-жылга чейинки иштеп келген эсептерибиз камакка алынган. Мен жашап жаткан Кой-Таштагы үйгө да мөөр чапташат. Андай болсо, мен көчөдө каламын».

Вероника Малышева

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх