Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында 26-октябрга чейин калат (видео)

Мындай чечим Бишкек шаардык сотунун көчмө жыйынында кабыл алынды 

Алмазбек Атамбаев ушул жылдын 26-октябрына чейин камакта калат. Мындай чечимди Бишкек шаардык сотунун коллегиясы УКМКнын тергөө абагындагы көчмө жыйынында кабыл алды.

Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесаревдун айтымында, аталган чечим «мыйзамсыз», себеби, Атамбаев «өмүрүнүн аягына чейин» мурдагы президент болуп кала берет. 

«Азыркы учурда Алмазбек Шаршенович өзүнүн ыйгарымдарын токтоткон адам катары бул иште катыша берет. Кылмыш-процессуалдык кодекстин нормаларына ылайык, ал камакка алынбашы керек болчу. Бирок, соттор бардыгы аз келгенсип, аны кармоонун мыйзамдуулугун текшербей туруп, андан калса, камакка алышкан»,- деп айтты Слесарев журналистерге.  

Ал Бишкек шаардык сотунун чечимине даттанабыз деп кошумчалады. 

Эске салсак, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагына 26-августа камакка алынган. Ага карата паракорчулук, укук коргоо органдарына карата күч колдонуу, адам өлтүрүү, барымтага алуу жана массалык башаламандыкты уюштуруу сыяктуу айыптар тагылган. 

Эльдос Казыбеков

Видео Vesti.kg

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх