Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кой-Таштан кийин Таласта да эч ким өлгөн эмес. Саламаттыкты сактоо министрлиги  Ирина Карамушкинанын экинчи версиясын да жокко чыгарды 

Курманбек уулу Миржан аттуу оорулуу адам боюнча аймакта өлгөн факты катталган эмес 

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги 2019-жылдын 19-августунда Талас облусунун саламаттыкты сактоонун бардык уюмдарына жабыркаган Курманбек уулу Миржандын түшүп-түшпөгөндүгү тууралу  суроо менен кайрылган.

Талас облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору Аттокур Шадиевдин айтымында, Талас облусунун бардык үй-бүлөлүк врачтардын тобуна (ҮБВТ), фельдшердик-акушердик пункттарга (ФАП), аймактык ооруканаларга (АО) жана Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна (ҮБМБ) жогоруда аты аталган жабыркаган адамдын түшкөнү же катталганы боюнча маалыматты тактоо үчүн билдирүүлөр жөнөтүлгөн. 2019-жылдын 8-августунан 19-августка чейин саламаттыкты сакто уюмдарына жабыркаган Курманбек уулу Миржан аттуу адам түшкөн эмес, ошондой эле ошол эле мезгилде андай ат менен оорулунун өлгөндүгү тууралу факты катталган эмес. 

Түшүнүктүү болсун үчүн, мурдараак депутат Ирина Карамушкина, ага түшкөн маалыматтарга караганда, Кой-Таштагы окуялардан кийин атайын кызматтын адамдарынын колунан Курманбек уулу Миржан аттуу жаш жигит курман болгон деп кабарлаган. Кийнчерээк, парламентарий аталган жарандын жаракат алгандан кийин, мүмкүн, Таласка кетип, ал жактан өлгөндүгүн билдирген. 

Фото www  

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх