Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Коомдогу жиктешүү өтө тереңдеп кетиши мүмкүн». Кой-Таш жана Арашан айылдарынын жашоочулары Сооронбай Жээнбековду опузалашты 

Алар өздөрүнүн президентке болгон кайрылуусунда өлкөнү бөлгөндү токтотууну суранышат 

Кой-Таш жана Арашан айылдарынын жашоочулары президент Сооронбай Жээнбековдун атына өлкөнү бөлүүнү токтотуу чакырыгы менен ачык кайрылуу жолдошту. 

Төмөндө кайрылуунун толук текстин келтиребиз: 

«Сооронбай Жээнбеков президентикке шайланып жатканда, элди чачыратпай, кайра биримдикке алып келемин деп айткан. Ошондо биз ага ишенгенбиз. Ошол эле учурда, бизди, биз урматтаган Алмазбек Шаршенович Атамбаев ага ишенүүгө чакырган. Көп деле убакыт өткөн жок, жана биз жаңы президентибиз өзү сүйлөгөндөй эмес, такыр башкача аракеттерди баштады. 

Алмазбек Атамбаев болгону, анын жүргүзгөн саясатын сындады, ал үчүн Жээнбековдун буйругу менен ага жана анын жакын жолдоочуларына кылмыш ишин козгошту. Атамбаевдин өзүн болсо, Башкы прокуратура менен Жогорку Кеңеш сынга алып, алар койгон айыптарга жооп бериши үчүн, депутаттар мурдагы президентти  чакырып коюшпады. Алардын бул чечими мыйзамды да, акыйкаттуулукту да ачык эле бузган. 

Биздин айылдыктар Атамбаевди өз уяттарынын чакырыгы боюнча колдошту. Биз анын үйүнө өзүбүздүн колдообузду жана мыйзамсыздыкка ачуубуздун келгендигин билдирүү үчүн барып жаттык. 7-августь күнү анын короосундагы биздин балдарга чүмбөт тагынган атайын кызмат эскертүү бербестен кол салды. Белгисиз адамдар Атамбаевдин короосунун дубалынан ашып түшүшүп, жана короодогу ким болбосун, токмоктоп киришти, жана резина октор (алар да катуу жаракат келтирүү менен өмүргө коркунуч келтириши мүмкүн) менен аткылашты. Ошол эле учурда аксакалдар менен аялдарды да аяшкан жок. Мыйзамда, жарандар керектүү учурларда өзүн-өзү коргогонго акылуу, ошондой эле, атайын кызматтардын мыйзамсыз аракеттеринен да деп  жазылган. Биз ошол укуктан пайдаландык.  

Биз Атамбаевдин үйүнө болгон кол салууну артка кайтардык, аны менен бирге мыйзамсыз камакка алууну токтоттук. Ички иштер министри менен УКМКнын жетекчиси Атамбаевди суракка күбө катары алып келгени барганбыз деп алдап жатышат, албетте, алар аны түрмөгө камакка алганы барышкан. 

Тилекке каршы, атайын кызматтын жоокерлеринин бир каза атапты. Бул чоң кайгы. Азырынча белгисиз, чындыгында ким аны өлтүргөн. Бирок, бийлик эртеси күнү дүйнө жүзүнө аны Атамбаев жеке өзү атып өлтүрдү дешип жарыялаган. Бул курмандык - мурдагы президенттин үйүнө басып кирүүнү уюштургандардын күнөөсү.

Кийинки күнү Атамбаевдин үйүнө жаңыдан штурм жасалды. Тарапташтардын көпчүлүгүн анын үйүнө өткөрбөй койгондуктан, милициянын саны аларга караганда он эсе көп эле. 8-августа да газ менен ууланган жана токмоктолуп жаралангандар көп болду. Атамбаев өз тарапташтарын андан ары тобокелчиликтен арылтуу үчүн өз эрки менен колго түшүп берди. 

Учурда биздин балдарды кугунтукка алышууда, аларды коркутуп жатышат, аларга карата кылмыш ишин козгошууда. Бирок, бул трагедиялуу окуяларга, кеминде, эки тарап тең күнөлүү! Ал эми ким атайын кызматтын адамдарын жана милицияны кылмыштуу, керек болбогон күч операциясына жөнөткөндүгүнүн жоопкерчилиги, бүгүнкү күндө керек болсо, күн тартибине да киргизилген эмес!

Биз бийликке кайрылабыз: өлкөнү отко салганды токтоткула, кыргызстандыктарды бөлгөндү токтоткула! Мыйзамсыздыкка ачууланып жана атайын кызматтын укуктук ченемден сыртка чыккан аракеттерин токтотууга аракет кылгандарга куугунтукту жана коркутууларды токтоткула! Күч колдонуу акциясы тууралу буйрук бергендерди кызматынан алгыла! Болбосо, коомдун арасындагы жарылуу дагы алыска кетиши мүмкүн».

КСДПнын маалымат кызматы

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх