Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Бабанов: Эгер мен бийлик менен келишип алган болсом, мени суракка чакырышмак эмес (видео)

УКМКга суракка келген президентикке мурдагы талапкер, кээ бирөөлөрдүн эмнеге аны коркок деп аташканын такыр түшүнө албай жаткандыгы тууралу билдирди

Кыргызстандын президенттигине мурдагы талапкер Өмүрбек Бабанов УКМКга суракка келди. 

- Менин пикиримде, мени шайлоолордун алдындагы кампанияда Оштогу сүйлөгөн сөздөрүм үчүн чакырышкан, - деди ал журналистерге. - Бирок, мен эч кимди улуттар аралык кастыкка чакырган эмесмин, а, тескерисинче, биримдик тууралу айтканмын.

Аны менен бирге Бабанов, өзүнүн Кыргызстанга кайтып келгенине карата элдин пикирине түшүнбөгөндүгүн  белгиледи. 

- Качан мен өлкөдөн чыгып кеткенде, мени коркок деп сүйлөшкөн, - деп эске салды ал. - Эми, кайтып келгенден кийин, элдер ойлошот экен, мени бийлик менен сүйлөшүп алды деп. Эгер элдин айткандары чындык болсо, мени суракка чакырышпайт эле. Бирок, айтып койгум келет, аэропортто мени кармашпагандыктары үчүн ыраазычылык билдиремин. 

Журналистердин калган суроолоруна Өмүрбек Бабанов УКМКдан чыккандан кийин жооп берүүгө сөз берди. 

Медина Купсулдаева

Вероника Малышева

Фото Vesti.kg



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх