Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аида Салянованын тууганы: Кайсы өлкөдө ага операция жасала тургандыгы азырынча белгисиз 

Мурдагы башкы прокурорду жүрөк кан тамырларына суук өткөн деген диагноз менен ооруканага жаткырышты 

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова өзүн жаман сезгендигине байланыштуу ооруканага жаткырылган. Бул тууралу Vesti.kg сайтына анын тууганы Чынара Турдалиева кабарлады.

Ооруканага жаткыруу Турдалиеванын айтымында, Улуттук кардиология борборунун врачтарынын консилиумунун сунуштары боюнча болду. 

- 15-августа Улуттук кардиология борборунун врачтары аны карап чыгышкандан кийин, ооруканага жаткыруу керек деген чечимге келишти, - деди Турдалиева. - Биринчи күнү ал ооруканага жеткирилди. Ал панкреатитке чалдыккан.  

Ал аялдын айтымында, кайсыл өлкөдө мурдагы башкы прокурорго операция жасаша тургандыгы азырынча белгисиз. Азыркы учурда Салянова врачтардын көзөмөлүндө болот. 

Эске салабыз, Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу жөнүндөгү иш боюнча кылмыш ишинин алкагында камакка алынган эле. Бирок, кийинчерээк ал тергөө менен кызматташууга макул богондугуна байланыштуу үй камагына бошотулган. 

Эльдос Казыбеков

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх