Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЭКККМКда Райымбек Матраимовдун мүлкү боюнча текшерүү аягына чыктыбы, тактап жатышат

«Финполиция» чет өлкөлөрдөн жооптор алындыбы, текшерүүдө 

Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат 24-июлда МБКнын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун Кыргызстанда катталган мүлкү боюнча текшерүүнүн жыйынтыктарын чыгарды. Андан тышкары,  «Финполиция» Матраимов жана анын жакындарынын Кыргызстандан тышкары жактагы мүлктөрүн аныктоо үчүн суроо-талап билдирүүлөрдү жөнөткөн.

Vesti.kg сайты ЭКККМКга ал суроо-талап билдирүүлөргө жооп келдиби деп кайрылган. 

Бирок, «Финполиция» Vesti.kg сайтына, МБКнын төрагасынын мурдагы орун басарынын мүлкү боюнча текшерүү бүткөнбү жана чет жактан жооп алынганбы, алар учурда тактап жаткандыгына ишендиришти.  

Эсиңиздерге салсак, 1-августа  бажынын жетекчисинин мурдагы орун басарына Түркиядагы компаниянын вице-президенти кызматы сунушталганы боюнча белгилүү болгон. Бул тууралу «Азия Ньюс» гезитине анын агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов кабарлаган. Парламентарий ошондо, анын иниси түрк тарабынын сунушун кабыл алат деп боолгологон. 

Медина Купсулдаева

Фото www



 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх