Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Курсан Асановдун жактоочусу: Мен жактаган адамды каралоо үчүн массалык кампания жайылтылган

Икрамидин Айткулов ИИМдин аракеттеринин мыйзамдуулугун текшерүү үчүн депутаттарга кайрылууга ниеттенип жатат 

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочусу, Икрамидин Айткулов, өзү жактаган кишинин иши канчалык мыйзамдуу текшерилип жатат, ошону текшерүү үчүн, атайын комиссияны түзүү жөнүндө өтүнүч менен Жогорку Кеңешке кайрылууга ниеттенүүдө. Бул тууралу Vesti.kg сайтына ал өзү кабарлады.  

- Таң калыштуу, менден жана тергөө аракеттерине катышкан башка катышуучулардын бардыгынан жарыя кылбоо тууралу кол койдуруп алышты, бирок, дагы кызыгы, укук коргоо органдары өздөрү тергөө аяктаганга чейин маалыматтарды таркатып жатышат, - деп белгиледи ал. - Менимче, бардыгы эле билип калышты, Курсан Асановду каралоо боюнча активдүү жана массалык түрдөгү кампания жүрүп жатат. Тергөө бүтө элек, бирок, бардыгына аны чыккынчы кылып бүтүштү. 

Айткулов, депутаттардан тергөөчүлөрдүн ишин текшерүү максатында  атайын комиссиянын түзүлүшүн өтүнөрүн кошумчалады.  

- Жогорку Кенеш, ИИМ аталган абалда канчалык деңгээлде мыйзамдуу иш алып барып жатат, териштирүүлөрү керек, - деп түшундүрдү ал. - А Кашкар жунушалиев кызматынан кетиши керек.  

Эске салсак, мурдараак  Vesti.kg сайты, Курсан Асановдун уулу Мухаммед - Алиге издөө жарыялашты деп билдирген.ФС

Вероника Малышева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх