Курсан Асановдун уулуна издөө жарыялашты (видео)
Башкы прокуратурадан, ИИМдин жетекчисинин мурдагы орун басарынын уулуна Атамбаевдин үйүнөн чыккан ач кызыл баштыкты беришкен деп кабаралашты
Жетекчинин мурдагы орун басары Курсан Асановдун уулу Мухаммед-Алиге издөө жарыялашты. Бул тууралу Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын маалымат кызматы билдирди.
Көзөмөл органынын маалыматы боюнча, 8-августа Курсан Асанов көрүнүктүү мааниге ээ болгон, буюмдардын далилдерин, документтерди жана башка буюмдарды мыйзамсыз түрдө бирөөлөргө бергенди уюштурган.
«Булардын бардыгын ал Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан. Курсан Асановдун айдоочусу Дамирбек Пайзылда уулу, 8-август күнү саат 21:00 жана 21:15тер аралыгында ТИМдин имаратынын маңдайында, анын көрсөтмөсү менен жогоруда аталган буюмдарды Мухамед-Али Асановго берген. Ал документтер андан ары Атамбаевдин тарапташтарына өткөрүлүп берилген. Кылмышты жасоого аралашкан бардык адамдар такталууда», - деп түшүндүрүштү Башкы прокуратурадан.
22 жаштагы Мухаммед-Али Асановго сырттан баш коргоо чарасын үй камагына чегеришти. Ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганга жардам көрсөтүп катышкан деп шектелүүдө.
Фото www