Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Апрель революциясынын баатыры: Атамбаев бийликтин өкүлдөрүн көкүтүп алган

Ошол эле учурда Осунбек Жамансариев, Конституциялык палатанын чечимиин күтпөстөн туруп, мурдагы президентти кармоо, туура эмес болгон дейт

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев суракка келбей коюп, бийлик өкүлдөрүнүн колтугуна суу бүрккөн. Ушундай пикири менен Vesti.kg сайтына «Эр Теги» Апрель баатырларынын коомдук бирикмесинин мүчөсү Осунбек Жамансариев бөлүштү. 

- Мыйзам баардыгына бирдей, бирок, Атамбаев суракка барбай тургандыгын ачык билдирген, - деп ойлойт ал. - Жыйынтыгында, аны суракка алып келүү үчүн атайын кызматтын жоокерлеринин кызматынан пайдаланууга туура келген. Сырттан караганда, бул абалда териштирүү кыйыныраак, бирок, мыйзамда,  күбө суракка келгенге милдеттүү, келбей койсо, күчтөп алып келүү каралган. Бирок, мени бир учур оңтойсуз кылып келет: укук коргоо органдары эмне үчүн мурдагы президенттен кол тийбестикти алууну тууралыгынын фактысы боюнча Конституциялык палатанын жообун күтүшкөн жок. Мыйзамдын тартиби ушундай эле. 

Осунбек Анарбекович, келечекте бул  кээ бир көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн  деп белгиледи. 

- Бирок, Атамбаевдин өзүнүн куралы бардыгы жөнүндө жана өзү Кой-Таштагы штурм учурунда атайын кызматтын жоокерлерин көздөй ок аткандыгын  билдиргенден кийин, сот органдары өздөрүнүн аракеттерин актап жатышат, - деп ой жүгүртөт Жамансариев. 

- Же болбосо, мурдагы мамлекет башчы, кылмыш жасагандыгын өзү мойнуна алып жатат. Ошондуктан, Атамбаевдин тегерегинде болуп өткөн кийинки кездеги окуяларды, түрдүү тараптан карасак болчудай. 

Революциянын баатыры, бийликтегилердин мурдагы президенттин үйүн штурм жасабастан ала алышмак эмес, себеби, ал ачык эле мыйзамды тоготпой калган дейт. 

- Бирок, баары бир тергөөчү өзү Кой-Ташка барышы керек эле, мындай карасаң, андай жасаган деле талаштуу маселе, - деп белгиледи ал. -Бардыгы ушул деталдарды талкуулашууда, кандай болсо да, убакыт бардыгын ордуна коет. 

Вероника Малышева

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх