Роза Отунбаева Текебаевдин бошотулушу жөнүндө: Бүгүн тарыхый күн (видео)
Темир Сариев да мурдагы депутатты куттуктаганы келди
Мурдагы депутат Өмурбек Текебаевди эркиндикке чыгышы менен куттуктаганы партиялаштары гана эмес, башка белгилүү саясатчылар да келишти.
Өткөөл мезгилдин мурдагы президенти Роза Отунбаева өз сөзүндө Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов бүгүн жеңиштерин майрамдашы керек деп белгиледи.
«Акыйкаттык жеңди, - деди ал. - Ушул жылдар ичинде Өмүрбек Чиркешовичти колдоп келген жолдоочуларына ыраазычылыктар. Мен «Ата Мекендин» штабында көп ирет болдум, жана ал жердегилер канчалык санааркаганын көрдүм. Эч ким бурулуп кеткен жок, эч ким сатып кеткен жок. Бүгүн тарыхый күн».
«Атамекенчилерге» мурдагы премьер-министр Темир Сариев да чыкты. Ал Текебаевге куттуктоо сөз айтты.
«Качан Сизди камакка алганда, күнөөбүз жок, биз баары эркиндикке чыгабыз деп айткансыз. Ошондой эле болду», - деп белгиледи Сариев.
Зулайка Эркимбаева
Вероника Малышева
Фото www