Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Серепчилер адамдын жүзүн таануу тутуму жөнүндө: Кыргызстан Кытайга аквариумдагы балыктай эле болуп калат

Мурдагы чекист кытайлар жакында бизге тыңчыларын жиберип же тыңшагычтарын орнотуп убара деле болбой калышат го деп тамашалады

Кытай тарапка Кыргызстандын болгон сырлары ачык болуп калышы мүмкүн. Мындай оюн Vesti.kg сайтына көз карандысыз серепчи, УКМКнын коррупция менен күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Максат Мамытканов бөлүштү.

Тактай кетсек, өкмөт КРнын ИИМи менен Кытайдын CEIEC (China National Electronics Import & Export Corporation) компаниясы ортосундагы Кыргызстандын көчөлөрүндө адамдын жүзүн тааный билген камераларды орнотуу туурасындагы макулдашуу долбоорун жактырган.
Мамытканов кытай тарапка мамлекеттик сырлар алакандай эле ачылып калаарын белгиледи.


- Эгерде долбоордун өзү кытай компаниясы тарабынан ишке ашырылып, Кыргызстан жеке маалыматтардын корголушунун бардык мүмкүн болгон варианттарын талкуулап чыкча, анда бул, тескерисинче биздин кызыкчылыгыбыз үчүн иштеп берет, - дейт эксперт. Бирок, Кытайда киберэлектрониканы IT-технологиялар аркылуу канчалык деңгээлде өнүктүрүп жатканын эске алганда, биздин купуя сырларыбыз Кытай тарапка айдан ачык болуп калбайт деп эч ким кепилдик бере албайт.
Серепчи Кыргызстандын каалаган жараны жөнүндө маалымат кытай тараптын колунда болоорун кошумчалады.


- Эгерде кыргызстандыктар тууралуу маалымат Кытайга жеткиликтүү болуп калса, анда аларга тыңчы жиберип, же тыңшагычтарды коюунун кажети жок болуп калат, - дейт ал. Алар жөн гана биздин серверлерден маалыматты чыгарып турушат. Башкача айткандан, КРнын каалаган жараны туурасындагы маалымат алардын алаканында болот, биз аларга аквариумдагы балыктардай эле болуп калабыз.
Өкмөт кыргызстандыктардын жеке маалыматтарынын корголушун камсыздап бериши шарт дей ал.
- Эгерде биз маалыматтардын шифрделишин камсыздай алсак, анда биздин купуя сырларыбызды сактай алмакпыз. Бардыгы биздин IT-адистерибиздин кесипкөйлүгүнө жараша болот.

Ал ортодо башкы прокурордун жана улуттук коопсуздук министринин мурдагы орун басары Кубатбек Кожоналиев Кыргызстандын көчөлөрүнө адамдын жүзүн таануучу тутумдары керек деген пикирде.


- Ал эми өкмөт ким менен макулдашуу төзүп жатканы бул маанилүү маселе. Өкмөт коопсуздукту терең ойлонуп чыгышы керек. Бул биринчи кезекте, - деди Кубатбек Азатович.

Гулиза Чудубаева
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх