Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Башкы прокуратура «Атамбаевдин баштыгы» туурасындагы видео жөнүндө: Кээ бир камераларда саат кичине алдыда

 

Ал эми ЖККББ болсо Кыргызстандагы бардык АПКларда бирдей убакыт коюлган деп ишендиришти

Башкы прокураатуранын Алмазбек Атамбаевдин кызгылт пакетин Курсан Асанов жансакчысы аркылуу уулуна берген делген видеодогу убакыттардын дал келбешине «Коопсуз шаардын» камералары күнөөлүү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматында маалымдашты.


- Тергөөнүн версиясы боюнча айрым камераларда саат бир аз алдыда, - деп түшүндүрүштү алар.

ИИМнин ЖККББнын басма сөз кызматы болсо Vesti.kg сайтына мындай болушу мүкүн эместигин: программдык жабдуу автоматтык түрдө Кыргызстандагы ар бир камерага азыркы так убакытты коерун билдирди. 


- Бардык маалымат бирдиктүү боррбордук серверде сакталат, ошондуктан, камералардын бардыгында бирдей убакыт көрсөтүлөт, - деп ишенимдүү билдиришти алар.


Эскерте кетсек, 22 жаштагы Мухаммед-Али-Асанов издөөгө салынган. Башкы прокуратынын маалыматына ылайык, 8-августта Курсан Асанов өзүнүн жансакчысы аркылуу Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн айтылуу баштыктын бир бөлүгүн ага өткөрүп берген. Далил катары көзөмөл орган КРнын ИИМнин короосундагы, көчөлөрдөн жана унаа токтоочу жайлардагы байкоо камераларынан алынган видеолордон куралып жасалган видео тасманы жарыялаган.


Бирок, YouTube видео порталындагы ARBerlin Kanal каналы аталган тасманы талдап чыгып, видео ИИМнин башчысынын мурдагы орун басарын каралоо максатында жасалган одоно жасалма деп чыккан.
Каналдын директору Юлия Лилиенталь видеодогу айрым бөлүктөрдүн убакыттары дал келбейт экенин көрсөтүп: дал келбестик айрым учурда 10 мүнөткө чейин жеткендигин, каармандар «келечекте» эле эмес «өткөн чакка» да түшүп калышканын белгилеген.

Белгилей кетсек, Биринчи май райондук сотунун чечими менен Курсан Асанов үй камагына алынагн. Ага азырынча айып тагыла элек.
Мухаммед-Али Асанов кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга кошо катышкан деген шек менен издөөгө алынган. Ага сыртынан убактылуу кармоочу жайга алуу бөгөт чарасы каралган.


Курсан Асановдун айдоочусу менен жансакчысы Дамирбек Пайзылла уулу кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
ИИМнин башчысынын мурдагы орун басарынын жактоочусу Икрамидин Айткулов Асановго байланышпаган иш боюнча алдамчылыкка шектелип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген, бирок, кийин Свердлов райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.
8-августта Курсан Асанов Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүү жүргүзүп, аны көчөгө, ИИМнин башчысы Кашкар Жунушалиевге алып чыккан. Ал «кыргыз милициясынын кызыкчылыктарын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жоготкондугу» үчүн кызматтан четтетилген.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх