Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айткулов: Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаев сүйлөшүп алып, президенттин тапшырмасына каршы иштешкен деле болушу мүмкүн

Курсан Асановдун жактоочусунун айтымында ИИМнин башчысы Атамбаевдин үйүнө орун басары ага рация менен чалгандан кийин гана кайтып келген

ИИМнин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асановдун кызыкчылыктарын коргогон жактоочу Икрамидин Айткулов президенттин, Жогорку Кеңештин, премьер-министрдин, башкы прокурордун, ошондой эле 7-8 августта Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөөчү Мамлекеттик комиссиянын атына ачык кайрылуусун жарыялады.
Белгилүү юрист УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевди жана ИИМнин башчысы Кашкар Жунушалиевди кылмыш ишине тартууну өтүнөт.

Арыздын текстин келтиребиз:

«КРнын УКМКнын төрагасы Опумбаев Орозбек Найманович менен КРнын ички иштер министри Жунушалиев Кашкар Астакановичти төмөнкү жагдайларга байланыштуу кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы жана өлкөнүн кызыкчылыктарын саткандыгы үчүн жоопкерчиликке, анын ичинде кылмыш ишине тартуу маселесин чечүүңүздөрдү суранам:

1. Опумбаев О.Н. жана Жунушалиев К.А., жогоруда айтылган мекемелердин жетекчилери, башкача айтканда жоопткерчиликтүү абалды ээлеп туруп, мыйзамда белгиленген тартипте КРнын мурдагы президенти Атамбаев А.Шнын тергөө органдарына келишин камсыздоого тийиштүү чараларды көрүүгө милдеттүү болуп туруп, атайын же болбосо кесипкөйсүздүктөрүнүн жана одоно кайдыгерликтеринин айынан Атамбаев А.Шны кармоо боюнча айтылуу «атайын операцияны» өтө төмөн деңгээлде уюштуруп, анын жыйынтыгында КРнын УКМКнын «Альфа» атайын багыттагы кызматынын башчысынын орун басары Үсөн Ниязбеков каза таап, УКМКнын бир нече кызматкери барымтага алынып, Чүй облусунун ИИББнын башчысы Самат Курманкуловдун ден-соолугуна оор зыян келтирилип, ошондой эле карапайым элдер, ИИМнин министри менен анын орун басары Алмаз Орозалиевдин атайын дөдөйлүгүнөн иш-чарага керектүү экипировкасыз барган УКМКнын ондогон кызматкерлери, ички иштер министрлигине тийиштүү бөлүмдөрдүн кызматкерлери ар кандай деңгээлдеги жаракат алышкан.
2. Опумбаев О.Н. менен Жунушалиев К.А. Атамбаев А.Шны кармоо боюнча «атайын операциянын» жүрүшүндө атайынбы же болбосо өздөрүнүн кесипкөйсүздүгүнүн айынанбы мыйзамдын сакталышын камсыздаганга жарашкан эмес, мунун кесепетинен соттун санкциясы алдын ала алынбай, ал тургай үйүндө жашынып жаткан Атамбаевди кармап, тергөөчүгө алып барууга жеткирүү үчүн мыйзам негизинде жеке турак-жайга кирүүгө жол берген шашылыш тинтүү жөнүндөгү тергөөчүнүн токтому дагы чыгарылган эмес.
Мындан сырткары, азыркы колдонуудагы мыйзамдардын башка жоболору дагы бузулуп, алар «Адилет» укуктук клиникасы» КФнун 2019-жылдын 7-8 сентябрында Кой-Таш айылындагы окуяларга байланыштуу билдирүүсүндө негиздүү түрдө белгиленген.

3. Курсан Асановдун жактоосу Опумбаев О.Н. менен Жунушалиев К.А. КРнын президентинин Атамбаевди кармап, тергөө органдарына алып келүүнү кан төгүлүүсүз жүргүзүүнү камсыздоо тапшырмасына каршы, кандайдыр-бир «үчүнчү жактардын» кызыкчылыктары үчүн чындыгында азыркы бийликке карата нааразычылыкты күчөтүү максатында мурдагы президентти тирүү кармоону көздөшпөгөн да болушу мүмкүн дейт. Мындай версия башка жагдайлар менен бирге 2019-жылдын 8-августунда Жунушалиевдин Атамбаевди күч менен кармоо тапшырмасын берип, анын бул командасы жоготууларсыз ишке ашпашына көзү жетип туруп, буга түздөн түз жооптуу болуудан качуу максатында кызматтык автоунаасы менен Атамбаевдин үйүнөн чыгып кетүүгө аракет кылганы менен да далилденет. Бирок, ал К.Асановдун рация аркылуу Атамбаев өз ыктыяры менен багынып бергени жөнүндө кабарлаган билдирүүсүнөн кийин кайра кайтып келген.
4. Мына ушинтип, ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун өз демилгеси менен ишке ашырган жогорку деңгээлдеги аракеттери Опумбаев О.Н. менен Жунушалиев К.А.нын Атамбаевди жок кылуу пландарына балта чаап, ошол эле маалда адамдык курмандыктарга алып келген алардын кесипкөйсүздүгүн айдан ачык көрсөтүп койгон.
Бул жагдайды түшүнүшкөн Опумбаев менен Жунушалиев көмүскө бүтүмгө келип, кызмат орундарын сактап, өз компетентсиздигин жашыруу максатында жана жогоруда сөз болгон оор кесепеттердин келип чыгышына жоопкерчиликти тартуудан өздөрүн качыруу үчүн эч кандай мыйзамдуу негизи жок туруп, конституциялык күнөөсүздүк презумпциясын бузуп, жалпыга маалымдоо кызматтарында Курсан Асановду «кыргыз милициясынын кызыкчылыктарынын саткан» деп жарыялоого өтө шашылышты.
5. Аталган кылмыштуу көздөмдөрүн жүзөгө ашыруу үчүн мыйзам тарабынан бекитилген тартиптерге каршы КРнын ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланды деп айыптаган КРнын ИИМнин жетекчилиги тарабынан эки, КРнын УКМКсы тарабынан бир жасалма материалдар негизсиз түрдө даярдалып прокуратура түзүмдөрүнө берилген.
Жогоруда жазылгандардын негизинде, КПКнин 54, 150-151-беренелерине жана «Кыргыз Республикасынын адвокаттык ишмердик жана адвокатурасы жөнүндөгү» мыйзамдын 25-беренесине таянып,

ӨТҮНӨМ:

1. Ушул билдирүүнү текшерип, өз ыйгарым укуктарыңыздын алкагында тийиштүү баа берүүнү.
2. КРНын УКМКнын төрагасы Опумбаев О.Н. менен КРнын ички иштер министри Жунушалиев К.Аны ээлеген кызматтарынан бошотуу маселесин чечүүнү.
3. Опумбаев О.Н. жана Жунушалиев К.Аны өтө оор кесепеттерге (адамдын өлүмү, ден-соолугуна өтө оор зыян алышы жана ондогон жарандардын жана укук коргоо органдарынын ар кандай деңгээлдеги жаракат алуулары) алып келген кызмат абалынан кыянаттык менен жеке максаттарында колдонгон аракеттери үчүн кылмыш ишине тартуу маселесин чечүүнү.


КРнын ККнин көзкөрүнөө жалган маалымат үчүн каралган кылмыш жоопкерчилиги туурасында эскертилдим».

фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх