Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев: Мамлекеттик органдарда компетенттүүлүктүн абалы аман эле болсун

 Профессор бардыгына жогорку кызматтарда отурган аткаминерлердин туугандары күнөөлүү деген пикирде

Кыргызстандын мамлекеттик түзүмдөрүндөгү компетентсиздик көйгөйү начар кадрдык саясаттан. Мындай оюн Vesti.kg сайтына саясат таануучу, профессор Айнура Арзыматова билдирди.

- Биздин мамкызматтарга «оозу кыйшык болсо да байдын баласы сүйлөсүн» принциби менен алышаарын бардыгы билет, - деди ал. - Буга акыркы мисал Бишкектеги супермаркеттин жанынан үрөй учурган мушташ болду окшойт, анда милиция кызматкерлери жабырлануучуларды сактагандын ордуна туугандары менен «маектешип» турушпадыбы. Буга чейин «бажагейт» менен ызуу-чуу болгон. Бардыгы бул көйгөйдү билет, талкуулайт, бирок, эч нерсе өзгөрбөйт. Бул кырдаал биздин өлкөдө эгемендик алгандан бери уланып келе жатат.
Айнура Атыгаевна мунун себеби мамлекеттин жетекчилигин буга көз жумуусунда дейт.

- Парламент үн катпайт, президент айтат, ишке келгенде башканы көрөсүң, - деп кейиди ал. - Жогорку кызматтарга туугандарды алышат, экономика жылбай ордунда турат, бирок эч кимдин иштегиси жок. Байыркы Римде эле «Тартипти сакта, анан тартип сени сактайт» дешчү экен. Дагы жакшы, бизде коомдук көзөмөл бар, жарандык коом одоно учурларды ачыкка чыгарып турат. Мыйзам бузуучуларды бул бир аз болсо да чочулатат.

Тактай кетсек, депутат Дастан Бекешев социалдык тармактардын бириндеги өз баракчасына мамкызматкерлердин иштеринин сапаты жөнүндө пикирин калтырган.

«Мамлекеттик түзүмдөрдө компетенттүүлүк аман эле болсун. Жазгандары, түшүнүктөрү начарлап эле баратат. Мамлекеттик эмес жумуш берүүчүлөрдө деле ушундай балээ болсо керек.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх