Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жамалдинов: Эмне себептен мунапыс Садыр Жапаровго карата иштебейт?

 Депутат бүткүл Кыргызстан бул саясатчынын күнөөсүз деп эсептерине ишенет

Жогорку Кеңештин соттолгон мурдагы депутаты Садыр Жапаров акталышы керек. Бул тууралуу парламенттин пленардык жыйынында эл өкүлү Зиядин Жамалдинов айтып чыкты.

- Садыр Жапаров депутат кезинде Кумтөр боюнча маселелерди көтөрчү, - деп эске салды ал. - Ошондой эле ал депутаттык комиссиянын мүчөсү болчу жана казуу иштеринин экологияга келтирип жаткан зыяны тууралуу да такай айтчу. Инвесторлор менен мамлекеттин үлүшү жөнүндө килейген иликтөөлөрдү жүргүзүп, бирок, Атамбаевдин тапшырмасы менен 11 жылга соттолуп кетип, ишин аягына чыгара албай калган.
Депутат, мындан сырткары соттордун ишине нааразы экенин дагы билдирди.

- Жапаровду Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деп күнөө илишкен, ал болсо сотто эч кандай дооматы жок экенин жана Садыр аны барымтага албаганын айтканы бар, - деп белгиледи Жамалдинов. - Бирок, Каптагаевдин көрсөтмөлөрүн соттор эске алган жок. Соттор Жогорку Кеңешке келгенде калыс иштейбиз деп убада беришет дагы, эшикке чыгып, өз билемдикке сала башташат. Эмне себептен Садыр Жапаровго карата амнистия колдонулбай жатат? Бүткүл Кыргызстан анын актыгын билет.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх