Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат: Мырзакматовдун юристтери Жогорку сотко кайрылуу даярдашууда. Акыйкаттыкка үмүт шамы жанды

Искендер Гаипкулов Оштун экс-мэри менен тууган экендигин, андыктан байланышып турарын билдирди

Оштун экс-мэри жана «Улуттар Биримдиги» партиясынын негиздөөчүсү Мелис Мырзакматовдун адвокаттары Жогорку сотко кайрылуу даярдап жатышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ЖКнын депутаты ЖКнын депутаты Искендер Гаипкулов билдирди.

- Тууган катары аны менен маал-маалы менен байланышып турам. -Азырынча эч кандай жаңылык жок. Анын мекенге кайтып келишин мыйзам чегинде чечүү керек. Азыр адвокаттар ушул маселенин үстүндө иштеп жатышат, анткени, эсиңиздерде болсо керек, ал саясий куугунтукка кабылган эле. Ош шаардык соту ага сыртынан бөгөт чарасын аныктады. Биринчи инстанциядагы сот чечимди жактоочуларсыз эле чечим чыгарып салган. Мамлекеттик адвокатты алып келип, бир сааттын ичинде чечим чыгарып коюшту.
Парламент өкүлүнүн сөзү боюнча, учурда Мырзакматовдун юристтери Жогорку сотко кайрылуу даярдап жатышат.
- Азыр жактоочулар жаңы ачылган далилдер боюнча бардык жагдайларды кылдат текшерип, Жогорку сотко кайрылуу даярдап жатышат, - деп улантты Гаипкулов. - Биздин соттордун акыйкаттуулугуна үмүт пайда болду. Мырзакматов актыгына ишенет. Тарапташтарын көтөрүп чыгуу боюнча сөз да болгон жок.

Муну менен бирге депутат ЖКнын депутаттары Искендер Гаипкулов, Алмазбек Акматов, Талант Мамытов, Зиядин Жамалдинов, Торобай Зулпукаров жана Канатбек Исаев Түркияда Оштун мурдагы мэри, жана "Улуттар Биримдиги» партиясынын негиздөөчүсү Мелисом Мырзакматов менен жолугуп, алдыдагы парламенттик шайлоо тууралуу талкуулашканын четке какты.
- Бул ушак, деди ал. Мелис Мырзакматов менен эч ким кезикке жок. Биз спикер Дастан Жумабеков менен бирге анын Түркияга расмий сапарынын алкагында барганбыз.
Эскерте кетсек, Мелис Мырзакматов 2014-жылдын ноябрь айында издөөгө алынган. Ага сыртынан КРнын ККнин 304-беренеси боюнча кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып коюлган.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх