Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Турдакун Усубалиевдин жакындары КРнын өкмөтүнүн ишине нааразы»

ЖКнын депутаты көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин мааракесин өткөрүү боюнча уюштуруу комиссиясын эмне үчүн Абылгазиев өзү жетектебегине түшүнбөйт

Турдакун Усубалиевдин жакындары өкмөттүн мамлекеттик ишмердин жүз жылдык мааракесине даярдык көрүү алкагында аткарып жаткан ишине нааразы. Бул тууралуу парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.

- 4-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Турдакун Усубалиевдин жүз жылдыгын өткөрүү боюнча буйрукка кол койгон, - деп белгиледи ал. - Премьер-министрдин жетекчилиги астындагы иш-чараны уюштурууга Усубалиевдин үй-бүлөсү нааразы. Уюштуруу комиссиясынын төрагалыгында Абылгазиев өзү эмес анын орун басары турганы маалым болду. Буга чейин Чыңгыз Айматовдун жана башка ишмерлердин мааракелерин өткөрүүдө премьер-министрлер өздөрү комиссияны жетектеп келишчү эле.

Муну менен бирге депутат Бишкектин Биринчи май районун атын Турдакун Усубалиевдин атына алмаштыруу керектигин кошумчалады.

- Коңшу мамлекеттерде мамлекеттик ишмерлердин атынан район, шаарлардын атын коет, биздин мэрия болсо Усубалиевдин ысымын эски аянтка, өкмөттүн алдындагы унаа токтоочу жайга берүүнү сунуштады, - деди Момбеков. - Турдакун Усубалиев биздин мамлекеттин өнүгүшүнө эбегейсиз чоң салымын кошкон. Анын жакындары Биринчи май районуна анын атын берүүнү айтышууда.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх