Ирина Карамушкинанын уюлдук телефонун алып коюшту
Эл өкүлү тергөө органдарынын анын «депутаттык статусун» бузуп жатышканын айтууда
ИИМнин тергөө органдары Жогорку Кеңештин депутаты Ирини Карамушкинанын уюлдук телефонун алып коюшту. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасында жазган.
«Тергөө бардык сүйлөшүүлөр менен кат алмашууларды текшерүү үчүн менин телефонумду алып койду. Алса алышсын, аяганым жок. Бирок, мен протоколго муну менен алар менин депутаттык статусумду бузушканын жаздым. Мен өлкөнүн мыйзам чыгаруу түзүмүнүн өкүлүмүн, мага шайлоочуларым, журналисттер, балдарым чалышат да»,- деп жазган Карамушкина.
Кечээ 4-сентябрда Кой-Ташта барымтага алуу боюнча Карамушкина сурак бермек, бирок депутаттын жактоочусу жок болгондуна байланыштуу, иш-чара өтпөй калган.
Эске салсак, Ирина Карамушкина барымтага алуу жана массалык башаламандыкты уюштурууга катышы бар деп шектелүүдө: Биринчи май райондук соту аны үй камагына алган.
Эльдос Казыбеков
Фото www