Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

 Ширин Айтматова: Илмиянов кайсы сиңирген эмгектери үчүн СИЗОдон үйүнө келип-кетип турат?

Экс-депутат мурдагы «Атамбаевдин айдоочусу» түрмөдө жеңилдиктерге ээ деген божомолун билдирди

Учурда СИЗОдо кармалып турган президенттик аппарат башчысынын мурдагы орун басары Икрамжан Илмияновду үйүнө конуп келүүгө жиберишет имиш деп мурдагы депутат Ширин Айтматова айтып чыкты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.
«Урматтуу депутат, сурап көрүңүзчү, камактагы Икрам Илмиянов кайсы сиңирген эмгектери же берген маалыматтары үчүн жеңилдетүүлөргө ээ болуп, үйүнө конуп келгенге уруксат алат экен? АШАнын башкаруу маалындагы коррупциянын ана башында Икрам турган, ал өтүгүн төргө илип, каалаганын кылып жүрөт», деп Айтматова азыркы депутат Дастан Бекешевго кайрылган.

Ал ортодо УКМК Vesti.kg сайтына бул маалымат чындыкка коошпойт экенин маалымдады.
- Соттун чечими менен Илмиянов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына кармалуу бөгөт чарасы каралган, андыктан, ал эч кандай жол менен үйүнө бара алышы мүмкүн эмес, - деп белгилешти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде. Ошону менен бирге алар көзкөрүнөө жалган маалымат үчүн жоопкерчилик каралгандыгын да эске салышты.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх