Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ирина Карамушкина жаңы жактоочуга ээ болду

 Депутаттын мурдагы жактоочусу эмнеге анын кызыкчылыктарын коргоодон баш тартканын түшүндүрүп берди

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина жаңы жактоочуга ээ болду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Карамушкинанын мурдагы жактоочусу Анвар Курмушиев билдирди.
Анын айтымында ал убактысынын тардыгынан Карамушкина менен башынан эле кыска мөөнөткө иштөөгө макулдашкан.

- Мен аны менен жаңы иштеп баштаганда эле убактылуу гана кызыкчылыктарын коргоп берем деп макулдашкам, - деди Курмушиев. - Ирина Юрьевнанын мага чейинки жактоочусу Ысык-Көлдө болгонуна байланыштуу ал менден убактылуу иштеп беришимди суранган. Мен аны көп убакытттан бери билем, азыр дасыккан, тажрыйбалуу жактоочу табышканын билем. Бирок, толук маалыматым жок.

КСДПнын басма сөз кызматы менен Карамушкинанын өзүнөн дагы комментарий алуу мүмкүн болгон жок.
Бүгүн тергөө органдары Карамушкинанын уюлдук телефонун алып коюшкан. Ал муну «депутаттык статустун» бузулгандыгы катары баалады.

Кечээ, 4-сентябрда Карамушкина Кой-Таштагы барымтага алуу боюнча сурак бермек, бирок, эл өкүлүнүн жактоочусу жок болгондугуна байланыштуу ал өтпөй калган.

Эске салсак, Ирина Карамушкина барымтага алуу жана массалык башаламандыктарды уюштурууга катышкан деп айыпталууда. Биринчи май райондук соту аны үй камагына алуу өкүмүн чыгарган.


Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх