Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кой-Ташта каза болгон спецназдын өлүмүнө шектүү өзүнүн күнөөсү жоктугун айтууда

Ал Атамбаевди кармоо боюнча атайын операцияга үч күн калганда айдоочу болуп орношкон

УКМКнын «Альфа» атайын багытындагы кызматтын башчысынын«» орун басары Үсөнбек Ниязбековдун өлүмүнө шектүү акыйкатчы Токон Мамытовго өзүнүн күнөөсү жоктугун билдирген. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына акыйкатчы өзү маалымдады.

Мамытовдун сөзү боюнча буга чейин ага шектүүнүн агасы менен аялынан анын бул окуяларга тиешеси жоктугу жөнүндө арыз келип түшкөн.

- Шектүү бизге окуяга болгонго чейин болгону эки-үч күн мурда айдоочу болуп орношконун айтып берди, - дейт акыйкатчы. Аны жумушка КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычев чакырган. Ал ишке жаңы киришип, эч ким менен таанышканга жетишпегенин деле айтты. Ниязбеков каза болгон күнү колумда курал болгон эмес деп билдирди. Тергөө окуя чындыкты далилдейт.


Мындан сырткары, Мамытов Акыйкатчы институнун кызматкерлери Кой-Таштагы окуя боюнча кармалгандарга барып келишкенин билдирди.
- Биз Атамбаевден баштап, бул балага чейин кармалгандарга барып, көрүп келдик. Алар кармалуу шарттарына арызданышкан жок, - дейт башкы акыйкатчы.

Эске салсак, 7-8-августтагы окуяларга байланыштуу ИИМнин тергөө кызматы сотко чейинки тергөө иштеринин алкагында 1990-жылы туулган К.Р. аттуу активдүү катышуучулардын бирин кармаган.

Гулиза Чудубаева
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх