Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бабановдун жактоочусу: Тергөөчүлөр тараптан эч кандай шек айтылган жок

Юрист саясатчы күбө катары гана суракка чакырылып жатканын кайталады

Тергөөчүлөр тараптан Өмүрбек Бабановго карата эч кандай шек жок. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Амантур Абдырахманов билдирди.

- Бардыгы жакшы, - деди юрист. Тергөөчүлөр тарабынан эч кандай шек айтылган жок. - Өмүрбек Бабанов күбө катары сурак берүүдө. Баланчанын түкүнчөдө шеги бар деп айтуу - биз үчүн нонсенс. Мындай болушу да мүмкүн эмес. Биз тигил же бул айыптоолорго макулбуз деп айтуу туура эмес болуп калат. Ар бир күбө мыйзамга ылайык тергөө иликтеп жаткан жагдайлар боюнча түшүндүрмө берүүгө милдеттүү.

Бабановдун жактоочусу тергөөчүлөр өз милдеттерин гана аткарып жатышканын белгиледи.

- Жаңы мыйзамдар боюнча кылмыш иштери козголбойт, - деп эске салды Абдырахманов. - Ар бир факт болгону Бузуулардын бирдиктүү реестрине катталып, ал боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлөт. Тергөө иликтөө иштерин сурак түрүндө жүргүзүп жатканы - эч нерсени далилдебейт. Бул болгону тергөөчүлөрдүн өз милдеттерин аткарып жатканынан кабар берет.


Жакында эле Өмүрбек Бабанов төртүнчү жолу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына 4-жолу суракка чакырылган.


Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх