Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин депутаты Насыр Мусаев мандатын тапшырды

Буга чейин ал өкмөттүн жыйындарына ден-соолугуна байланыштуу катышпай жүргөн

Жогрку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынан депутаты Насыр Мусаев ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыз жазды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков билдирди

 

Анын айтымында бүгүн БШКга депутаттык мандатты тапшыруу тууралуу арыз жиберилген.

 

- Борбордук шайлоо комиссиясы азырынча депутаттын арызын карай элек,- деди Баатырбеков.

 

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 26-мартында «Кыргызстан» парламенттик фракциясы ЖКнын профилдик комитетине дээрлик бир жыл бою жумуш ордуна келбеген депутат Насыр Мусаевдин мандатын алуу маселесин чечүү өтүнүчү менен кайрылган. 

Эл өкүлү жыйындарга ден-соолугуна байланыштуу келбегени айтылууда. Ишке келбеген депутат айлык маянасын алып жатканбы-жокпу азырынча белгисиз. Анын ордуна партиянын тизмеси боюнча «Кыргызстан» фракциясынын катчылык кызматында иштеген Айнура Аскарова келмекчи.

 

Гулиза Чудубаева

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх