Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Иштин 28 тому менен таанышуу үчүн Алмазбек Атамбаевге  төрт күн убакыт беришти 

Мурдагы президенттин жактоочусу, ал жактаган адам болгону бир канча баракты карап чыкканга үлгүрүүдө деп кабарлады 

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу тууралу кылмыш ишинин 28 тому менен азырынча таанышып бүтө элек. Бул тууралу анын жактоочусу Замир Жоошев Vesti.kg сайтына билдирди.

Анын айтымында, тергөөнүн жыйынтыктарынан кийин тергөөчүлөр жакында эле иштин материалдары менен таанышуу үчүн беришкен. Коргоочулар керек болсо иштин биринчи тому менен таанышууга үлгүрүшкөн жок, себеби, башка иштер боюнча сот жыйындарына катышышы керек болгон. 

- А бүгүн болсо тергөөчүлөр 11-сентябрга чейин бардык 28 томдук иштер менен таанышып чыгуунун коюлган графиги боюнча токтомду тапшырышты, - дейт Жоошев. - Биз төрт жумушчу күн ичинде ар бир том менен таанышып чыкканга үлгүрбөйбүз, ар бир том 300-400 беттен турат. Түшүндүрө кетейин: биз окуп гана чыкпастан, коргонуу линиясын түзүү үчүн анализ жасап да чыгышыбыз керек. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 244-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, иштин бардык материалдары менен таанышып чыгуу үчүн керек болгон убакыт шектүүгө да, анын жактоочусуна да чектелбеши керек. 

Жоошев белгилегендей, аталган иш боюнча сотко чейинки өндүрүш 26-октябрга чейин узартылгандан кийин, ар бир томго бир күндөн убакыт берилип, жок дегенде сентябрдын аягына чейин иштин материалдары менен толук таанышууга уруксат берилиши керек.  

Ал ошондой эле Алмазбек Атамбаев кылмыш ишинин материалдарын болгону барактап чыккандыгын, жактоочулары сыяктуу эле документтер менен толук тааныша электигин кошумчалады. 

- Бирок, тергөөчүлөр токтомго таянышып, ал таанышкандыгын жана кол койгондугун көрсөтүштү. Биз муну тергөөнүн туура эмес жүргөндүгү деп эсептейбиз, - деп баса белгиледи юрист. 

Атамбаев Шамил Атаханов жана Аида Салянова менен бетме-бет жолугууга катышкандыгын Жоошев маалымдады. 

Эсиңиздерге салабыз, Алмазбек Атамбаев УКМКнин убактылуу тергөө абагына 26-октябрга чейин киргизилген. Ага карата коррупция, укук коргоо органдарына карата күч колдонуу, адам өлтүрүү, барымтага алуу сыяктуу айыптар тагылган.

Гулиза Чудубаева

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх