100 миң доллар пара менен кармалып камалган Башкы прокуратуранын башкармалыгынын мурдагы башчысы колониядан чыкты
Кылычбек Арпачиевге жаза мөөнөтүн КР жаңы ЖПК жана ККнин күчкө киргендигине байланыштуу кыскартышты
Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Кылычбек Арпачиев күчөтүлгөн режимдеги колониядан чыкты. Бул тууралу ЖАМКнын маалымат катчылыгынан кабарлашты.
Аны Беловодскидеги №45 колония жайына 2019-жылдын 17-июлунда которушкан, бирок, бул тууралу азыр белгилүү болгон.
2016-жылдын 28-июнунда Биринчи Май райондук соту 100 миң өлчөмүндөгү пара алгандыгына күнөөлөп, мүлкүн конфискациялоо менен Арпачиевди 14 жылга күчөтүлгөтн режимдеги колонияга эркинен ажыраткан.
«Жаза мөөнөтүнүн башталышы –24 марта 2015-жылдын 24-марты. жаза алдындагы камакта 1 жыл 9 ай болгон, ККнин 61-беренесинин негизинде бир күн эки күнгө теңелген», - деп маалымат кызматы түшүндүрмө берди.
Бирок, 2019-жылдын 13-февралында Бишкек шаардык соту жаңы Кылмыш жана жаза - процессуалдык кодекстеринин күчкө киргендигине байланыштуу ишти кайрадан карап чыгып, жаза мөөнөтүн 10 жылга кыскарткан.
«КИКтин 50-беренеси боюнча сотко кайрылган колония жайына которуу өтүнүчү жазанын ⅓ бөлүгүн өтөгөн кезден кийин гана ишке ашышы мүмкүн, же болбосо, 2016-жылдын 21-октябрынан кийин, - деп кошумчалашты ЖАМКтан. - Анын жаза мөөнөтү 2023-жылдын 21-октябрында аяктайт.
2015-жылдын 25-мартында ошол кезде Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген Кылычбек Арпачиев жумуш бөлмөсүндө 100 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган.
Фото www