Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоого Кой-Таш айылынын миңден ашык жашоочулары чыгышты 

Айылдыктар атайын кызматтын кызматкерлери жеке менчик үйлөрдүн короолоруна атайын каражаттарды ыргытышып, терезелерин сындырышты дешип, өтүнүч катка кол коюшкан 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн штурмга алышканда айласыздан күбө болушкан кыргызстандыктар, Башкы прокуратурага жамааттык арыз жазышкан. Бул тууралу Vesti.kg сайтына КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков кабарлады. 

Анын сөздөрү боюнча, арызга 1700гө жакын адам кол койгон. 

- Булардын баары ошол окуялардын айласыз күбөсү болушкан КР жарандары, ошондой эле ал жердин тегерегинде жашаган бийликтин аракеттерин кандайдыр бир деңгээлде өздөрүнүн жонунда сезишкен жөнөкөй жашоочулар, - деп түшундүрдү ал. - Колду ал адамдар  өздөрү топтошкон.  

Башкы прокуратура бүгүн жарандардын КР ККнин 244- беренеси «Барымтага алуу», 151-беренеси «Жардам көрсөтпөө», 150-беренеси «Коркунучта калтыруу», 190-беренеси «Жашаган жеринин кол тийбестигин бузуу», 138-берене «Ден соолугуна жеңил жаракат келтирүү» боюнча арызын кабыл алгандыгы тууралу билдирет. 

Андан тышкары, арыздануучулар УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевди суракка алууну талап кылышкан. 

Ылдыйда арыздын толук текстин толук мазмунун өзгөртүүсүз келтиребиз: 

«Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Жамшитов Өткүрбек Асилбековичке 

АРЫЗ

2019-жылдын 7-августунда Кой-Таш айылында таанытуучу белгиси жок аскер формасындагы белгисиз адамдардын тобу  Кыргыз Республикасынын тынч жашаган жарандарына карата мыйзамсыз аракеттерди жасашкан. 

Кыргызстандын мурдагы президенти Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин үйүнүн короосунда 2019-жылдын 7-августунда саат 18:30да топтолгон элдин алдында эксперт Болот Айткуловдун  лекциясы башталган. Болжол менен саат 19:50дө эч кандай эскертүүсүз, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн короосуна тосмодон ашып түшүшүп,аскер формасындагы маскачан, колдорунда куралы бар белгисиз адамдар  кирип келишкен. Алар ошол эле замат тынч турган элдерге карата ок чыгарышкан жана ошондой эле зөөкүрдүк менен сабап киришкен. 

Сабалгандардын арасында белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмерлер, мисалга, 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты, Жогорку соттогу Конституциялык палатадагы  КР президентинин туруктуу өкүлү Н.А.Касымбеков (7 кабыргасы сынган, бетинин көгөргөндөрү жана көзүндөгү жаракаттар), 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты М.Мискенбаев, ошондой эле көптөгөн жөнөкөй жарандар, алар Д.Алманбетов (көкурөгүндөгү ок жаракаты), Намазалиев ( көкүрөгүн жарып өткөн ок жаракаты), А.Шаршеналиев (сол бутунун химиялык күйүгү), Э.Исмаилова (химиялык күйүк), К.Осмоналиева (таманына жеген октун жаракаты), А.Кыдырбаев (жаагы чыгып кеткен), К.Эсенбаев (тизесине ок жеген), Б.Кыдыралиев (тизесине ок жеген), К уулу Камчыбек (ачык ок жаракаты), К.Осмоналиев (тизесине ок жеген), С.Сатыбекова (чыканак сөөгү сынган), С.Медетбеков (арткы бөлүгүнө ок жеген), Б.Шаршенбаев (тизесинин алдыңкы жогору жагына ок жеген), Т.Иманкулов (омурткасына, көкүрөгүнө, тизесинин тамырларында октун жаракаты), Т.Бердибаев (кабыргалары сынган), Л.Какебаев (сол ийининдеги ок жаракаты), Г.Токтомушев (ачык баш жаракаты), Бейшенбек у. Ы (көкүрөк клеткасына ок жеген), Чойдиев (ийин жаракаты) жана көптөгөн ушуга окшогондор бар.

Жогоруда саналгандарга байланыштуу кол салган банда түзүмүнүн өкүлдөрүнө карата КР ККнин 138-берене боюнча  “Ден -соолукка оор жаракат келтиргендиги”, 139-беренеси боюнча “Ден-соолукка жеңил жаракат келтиргендиги”, 190-берене “Жашаган жеринин кол тийбестигин бузуу”  боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылабыз.

Карыган адамдарды, аялдарды жана жаш балдарды мурдагы президент Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин үйүнүн аймагынан чыгарып жиберүү суранычы, маскачан аскер формасындагы колунда куралдары бар белгисиз топ тарабынан эске алынган эмес жана аларды Конференц-залга кубалап киришкен. Жаракат алгандарга жана катуу токмоктолгондорго медициналык жардам эки саат бою көрсөтүлгөн эмес.  Аталган фактыларга ылайык, КР ККнин 150-беренеси “Коркунучта калтыруу” боюнча, 151-беренеси “Жардам көрсөтпөө” боюнча, 244-беренеси “Барымтага алуу” боюнча кылмыш ишин козгоону өтүнөбүз. 

Куралданган банда түзүмүнүн тынч жашаган элге карата мыйзамсыз аракеттеринин аркасында Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин үйүнүн айланасында элдин массалык түрдө топтолушуна алып келген. 

Куралданган банда түзүмүнүн мыйзамсыз аракеттерине каршы турган адамдар болгону КР мурдагы президенти менен жолугушууга келген өздөрүнүн аялдарын, жаш балдар менен карыган адамдарды жана кийинчерээк, куралданган банда түзүмдөрү туткунга алгандарды сактап калуу үчүн  аракеттенишкендиктерин ишенимдүү турдө айта алабыз.

Элдердин жүрүм-турумунун контрастуулугунун белгиси, бул куралданган банда түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө караганда, алар өздөрү медиктерге жаракат алган тынч жашаган элди жана банда түзүмдөрүнүн өкүлдөрүн да ташыгандыктары жана түрдүү жардам көрсөткөндүктөрү болуп саналат. 

Кыйла убакыт өткөндөн кийин, маскачан, таанытуучу белгилери жок аскер формасындагы белгисиз адамдар Кыргыз Республикасынын “Альфа” атайын кызматынын кызматкерлери болуп чыгат. УКМКнын төрагасы Опумбаев, операция тууралу болгону төрт адам гана билишкен деп билдирди. Бул деген, керек болсо, Кой-Ташка келген катардагы атайын кызматтагылар эмнелерди жасай тургандыктары тууралу эч нерсе билишкен эмес дегендик. Мындан биз, Опумбаевди ошол абал тууралу, мындай чечимди кабыл алуунун себептери, максаты жөнүндө, жана андай чечимди кабыл алган адамдардын тобу жөнүндө тезинен суракка алуу максаттуу болот деп эсептейбиз. 

Тергөөнүн жыйынтыктары боюнча, Опумбаев билдирген төрт адамга кылмыш ишин козгоо керек деп эсептейбиз. Биз, ошондой эле, 7-августа уюлдук байланыштын жана “Апрель” телеканалынын өчүрулгөндүгүнө байланыштуу маалымат алуу үчүн биздин конституциялык укуктарыбыздын бузулгандыгы тууралу билдиребиз. Суу жана электр энергиясын берүү өчүрүлгөн. Жергиликтүү калкты мыйзамсыз байланыштан ажыраткандарды  жоопкерчиликке тартууну суранабыз. 

2019-жылдын 8-августунда укук коргоо органдарынын КР мурдагы президенти Атамбаев Алмазбек Шаршеновичти экинчи жолу кармоого аракет жасаганда, тоо жайыттары өрттөлгөн, муну менен айылдын мал чарба тармагына олуттуу зыян келтирилген. Кой-Таш айылында атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан башка жеке менчик үйлөргө атайын каражаттар ыргытылып, терезелер сынган. Аталган фактылар боюнча материалдык зыян жана талкалоо келтирилгендигин эске алуу менен кылмыш ишин козгоону суранабыз.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери максаттуу түрдө тынч турган калктын автомашиналарын дубинкалар менен талкалашкан. Жарандарга карата колдонулган атайын каражаттар адамдарга орду толгус психологиялык жана физикалык жактан зыян келтирген. Аталган фактыларды аскер кылмыштары жана адамдарга каршы кылмышка тете бааласак болот. Эгерде, көрсөтүлгөн беренелерге ылайык кылмыш иши козголбосо, биз Эл аралык Кылмыш сотуна кайрылуу укугун өзүбүздө калтырабыз. 

Андан да, кийинки күндөрү тынч жашаган жарандарга карата зөөкүрдүк менен жасалган репрессия башталды: мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын укуктары чектен чыккан абалда бузулду, ойдон чыгарылган айыптоолор менен оппозициядагы таасирдүү ишмерлерди түрмөгө олтургуза башташты.  

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күчтөп күбө катары алынып келиниши мыйзамсыз болду, себеби, керек болгон Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын суракка алуу мүмкүнчүлүгүн берген чечими жок болгон. Андан да, андан кол тийбестикти алып салуу антиконституциялык чечим болгон, себеп дегенде, Конституциянын 6-беренесиндеги: “Жаңы милдеттерди койгон жана/же жоопкерчиликти күчөткөн Мыйзам же укук ченемдик акт кайра күчкө ээ эмес” деген бузулду. КР КПКнин 479-беренесинде  “өз ыйгарым милдеттерин аткарууну токтоткон” президент кылмышка же бузууларга баргандыгы тууралу шектүү катары кармалышы мүмкүн эмес жана тинтүүгө алынбайт деп айтылат. Булардын баары “Альфа” атайын кызматына мурдагы президент Атамбаевдин үйүн штурмга алуу тууралу берилген буйруктун кылмыштуу экендигин белгилейт. 

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, КР ЖК сүйлөп жатып, жеке өзү штурм вариантын кабыл алып, элге каршы жана мыйзамсыз операцияны жеке өзү башкаргандыгын мойнуна алган. 

УКМКнын төрагасы Опумбаевге,  “Альфа” атайын кызматынын жетекчилерине жана ошондой эле Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге карата кылмыш ишин козгоп, жоопкерчиликке тартууну талап кылабыз. 

Сооронбай Жээнбековдун аркеттерине өзүнчө юридикалык баа берүүнү талап кылабыз, ошондой эле, мамлекеттик кылмышка баргандыгына байланыштуу импичмент процедурасын башташ үчүн, ага айып тагууну талап кылабыз.

Мындан кийин, өзүңүз да отставкага кетишиңизди өзгөчө суранабыз, себеби, сиздин бул окуядагы аракеттериңиз жана ишмердүүлүгүңүз ар тараптан каралып жана изилдениши керек».

Зулайка Эркимбаева

Фото www 



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх