Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Абылгазиев ИИМге тезинен кадрдык жаңы өзгөрүүлөр жана катарын тазалоо керек деп билдирди 

Премьер мамлекеттин жасап жаткан аракеттерине карабастан жарандардын арасында милициянын аброю өтө төмөн экендигин мойнуна алды. Укук коргоо органдарында башкаруу кризиси тереңдеп кеткен 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күч блогунун жетекчилери менен жыйын өткөрдү. 

Жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчысы акыркы мезгилдердеги ИИМдин кызматкерлери аралашкан кеңири коомдук резонанс жараткан окуяларга жана жарандар тарабынан айтылган акыйкат сындарга байланыштуу өзүнүн өкүнгөндүгүн билдирди. 

 «Милициянын ишмердүүлүгү дайыма жарандардын көңүл ортосунда болуп келет жана коюлган маселелер коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоонун айланасында гана болбостон, адамдардын эркиндигин жана укуктарын камсыздоо көз карашынан каралышы зарыл. Бул өзгөчө маанилүү маселе болуп саналат. Көптөгөн жылдардан бери жасалып жаткан реформалар боюнча пландар көп жагынан турмушка ашкан жок. Укук коргоо органдарындагы башкаруунун төмөнкү деңгээли жана белгилүү болгон кризис  Ички иштер министрлигин милицияны реформалоого чечкиндүү кадамдарга барышы керек экендигин тастыктап олтурат. Бүгүнкү күндө коомубуз да, мамлекетибиз да милициянын эң көңүл өйүткөн көйгөйлүү маселелерин кечиктирбестен чечүүдө бардыгы бир пикирде. Мамлекет милициянын техникалык жактан жабдуу боюнча жана каржылык тарабынан колдоону жакшыртууга аракеттерди жасоодо, жаңы инновациялык чечимдерди киргизүүдө, ошол эле учурда укук коргоо органдары өздөрүнө элдин ишенимин кайтарышы керек жана бүгүнкү күндө түзүлгөн абалдан чыгышы шарт.  Ички иштер органдарынын тышкаркы кызматтарынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жана кылмыштар тууралу түшкөн билдирүүлөргө дагы да ыкчам аракеттерди жасоого шарттарды түзүү үчүн бардык керектүү техника жана жабдуулар менен камсыздалган Патрулдук милиция түзүлгөн. Коомдук жайларда кылмыштардын алдын алуу жана кылмыштарды ачуунун заманбап технологиялары өзүнүн эффективдүүлүгун көрсөтүү менен ишке киргизилүүдө. Элдер өкмөттүн аракеттерин колдошууда жана жолдордо, көчөлөрдө жана короолордо тартиптин сакталышын каалашууда. Биз кийинки убакыттарда видеофиксация камераларынын жардамы менен кылмыштардын көбүнүн ачылып жаткандыгына күбө болуудабыз. Мындай шарттар милициянын катарында кызматынан кыянаттык менен пайдаланган жана керек болсо кылмыштарды жаап жашырууга аракеттенүүнү улантып жатышкан туура эмес жолдогу жана кесипкөй эмес кызматкерлерди ортого чыгарып жатат. Ошолор реформаны алдыга жылдырууга бут тосуп жатышат, жана аларга эң катуу чаралар көрүлүшү шарт», - деп баса белгиледи  Абылгазиев.

Премьер Ички иштер министрлиги тезинен уюштуруу жана кадрдык жаңы өзгөрүүлөр иштелип чыгышы үчүн комплекстүү чараларды көрүү керектигин, ошондой эле, коомдун кызыкчылыктарын саткан, мамлекеттин жасап жаткан бардык аракеттерин көңүлүнө албаган, милициянын аброюн түшүргөн уятсыз кызматкерлерди өздөрүнүн катарынан тазалашы керек экендигин өзгөчө белгиледи. 

Абылгазиевдин пикири боюнча, укук коргоо системасында кызматкерлерди адамдын укугун катуу сактаган, мыйзамды туу туткан, таза жана чын дилден берилип иштегенге мотив берген чечимдерди иштеп чыгышы керек. 

Өкмөттүн аппаратынын 

маалыматтык камсыздоо бөлүмү 

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх