Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кашкар Жунушалиев – ИИМнин эки жолку башчысы. Улантуунун кереги жокпу?

«Кадрдык алмашуулар менен реформалар жөнүндө элди тынчытуу максатында гана сөз кылып жатышат»

Кашкар Жунушалиев экинчи жолу ИИМнин башчысы кызматын ээлеп турат жана эгерде, системада дагы эле көйгөйлөр бар болсо, анда ага жолун улантуунун кереги жок. Мындай оюн Vesti.kg сайтына саясат таануучу, мурдагы чекист Максат Мамытканов билдирди.

- Тартипке сала алган жокпу, колунан келбедиби - демек так саясий максаттарга ээ жаңы кишини даяндоо мезгили, - деген оюн билдирди ал. Акыркы убакытта орун алган окуялардан кийин коом бийликтин чечкиндүү иш-аракеттерин күтүүдө. Башка жол жок. Акыркы мезгилде укук коргоо органдары кабылган абал - премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевден баштап, бардыгына экзамен болду.
Мамытканов кабмин башчысы өз кызматында Кыргызстан үчүн өзгөчө көп - эки жылдан бери отурат.

- Ал ИИМ боюнча чечимге жок дегенде өзүн сактоо үчүн кабыл алышы керек, - деп белгиледи эксперт. Жыйынтык чыгарчу маал келип калды, антпесе
КРНын УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков укук коргоо органдарынын системасы эчактан бери реформаларга суусап турганына макул. Алар бир далай жолу башталып, бирок эч кандай майнап чыккан эмес, - деп кейиди ал Vesti.kg сайтына берген маегинде.

Ал Дастан Бекешев сунуштагандай ИИМнин башчылыгына жарандык адамды алып келүү Кыргызстан үчүн али эрте деген пикирде - сырткы коркунучтар ого эле көп, мамлекеттик органдардын иштери болсо жөнгө салынган эмес - бирок, жогорку жана орто рангдагы жетекчилерди алмаштыруу маалы келип жетти дейт.

- Бирок, системалык комплекстүү реформалар болмоюн, чоң өзгөрүүлөр да болбойт, - дейт Медетбеков. ИИМнин башчылыгына күч түзүмдөрүнү өкүлү, кесипкөй калыс адам келиши керек. Бирок, аны алмаштырышабы?

Башкы прокурордун жана улуттук коопсуздук министринин мурдагы орун басары, отставкадагы генерал-майор Кубатбек Кожоналиев мында эч кандай айырма болбойт деген пикирде.
- Кадрдык алмашуулар жөнүндө элди тынчытуу үчүн айтып жатышат, - деп божомолдоду ал. - Бирок, эмне өзгөрөт? Система ошол бойдон эле калат да.

- Бир эле калыс киши эмес, команда бүтүндөй калыс болушу керек, - деди ал. Дүйнөдө мындайга кантип жетип атышат карагылачы? Грузияны эле алалыкчы. Михаил Саакашвили бир кезде бирөөнү да калтырбай айдап жиберип, жап-жаңы команда түзгөн. Бизге мындай жардам бермек.

Эске салсак, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күч түзүмдөрүндөгө системдик кризис жөнүндө билдирүү жасаган. Мекемелердин жетекчилери менен болгон кеңешмеде ал Ички иштер министрлиги тез арада уюштуруу жана кадрдык жаңылоолорду киргизип, абийирсиз кызматчыларды өз катарынан тазалашы керектигин белгилеген.

Жакында эле депутат Дастан Бекешев КРНын ИИМнин ишин жарандык адамды башчылыкка алып келүү менен жакшыртууну сунуштаган.

«Мен жарандык киши милиционерден акылдуураак дегеним жок, - деп тактаган ал. - Бул жерде сөз интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөр жөнүндө эмес. Болгону системадагы адам тезирээк генералдык наамга жетүүнү, «форманы» сактоону ж.б.у.с. темаларга көңүл бура берет дегеним. Ички иштер министри парламентте уюшулган кылмыштуулук жок десе, анда ал система менен тамырлашып алып, башка эч нерсени байкабай калды дегенди билдирет.

Белгилей кетсек, Бишкектеги супермаркеттин жанынан аёосуз мушташты жашырган милиция кызматкерлери үй камагына чыгарылды.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх