Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЭКККМК: Матраимовдун мүлкү боюнча суроолордун бардыгына жооптор алына элек

«Каржы полициясы» бул ишти алып барган тергөөчү иш сапарына кеткендигине байланыштуу жаңы жагдайлар боюнча маалымат бере албайт

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматында 29-июлда Vesti.kg сайтына МККнын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү дагы деле уланып жатканын, каржы полициясы бир катар чет өлкөлөргө жиберген расмий сурап-билүүлөрдүн жоопторун күтүп жаткандыгын билдиришкен.
Буга байланыштуу Vesti.kg кайрадан каржы полициясына кайрылып, бирок кайра эле жаңы маалымат ала алган жок. Алар бул ишти алып барган тергөөчү азыркы маалда иш сапарында деп түшүндүрүштү.


- Бардык каттар тергөөчүдө, - дешти мекемеде. - «Финпол» азырынча жиберген сурап-билүүлөргө жооп алып бүтө элек.

Эске салсак, Экономикалык кылмыштуулукка каршык күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы 2019-жылдын январь айынын аягында президенттин аппарат жетекчисинин тапшырмасы менен Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү иштерин баштаган.

24-июлда каржы полициясы Матраимовдун Кыргызстанда катталган мүлкүн текшерүүнүн жыйынтыктарын чыгарган. Мындан сырткары, ЭКККМК Матраимовдун жана анын жакындарынын КРнын аймагынан сырткаркы мүлктөрүн аныктоо үчүн расмий сурап-билөөлөрдү жөнөткөн.

1 -августта бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басарына Түркиядагы компаниянын вице-президенттик кызмат оруну сунушталганы маалым болгон. Бул тууралуу «Азия Ньюс» гезитине анын бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов билдирген. Эл өкүлү бир тууганы түрк фирманынын сунушун кабыл алат го деген божомолун айткан.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх