Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

 Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү президенттин эсине Кумтор жана MegaCom маселелерин салат

 Бирок, алар Жээнбеков менен жолугушууда маанилүү маселелер жөнүндө кеп салынаарына анчейин деле ишенишпейт

Сооронбай Жээнбеков Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен кезигээрин Vesti.kg сайтына 2010-жылдын 7-апрелинен кийин түзүлгөн бийликтин мүчөлөрү өздөрү тастыктады.

Президент менен жолугушуу 2019-жылдын 14-сентябрында «Ала-Арча» мамрезиденциясында өтөт.

- Укмуштуудай эч нерсе деле жок, - деди Vesti.kg сайтына Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн бири, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев. – Мамлекет башчы 31-августта деле ушундай эле жолугушууну мурдагы спикерлер, премьер-министрлер менен өткөргөн. Өлкөдөгү жалпы маселелер туурасында эле маек болуп, орчундуу кеп деле болбосо керек.

Анткен менен, бул Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн президентке айта турган эч нерсеси жок дегендик эмес.

- Ар бирибизде суроолор көп, - деди УӨтүн башка мүчөсү, экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров. – Менде өтүнүч жана суроолор абдан көп. Кумтор, Жерүй, саясий куугунтук, конституциялык реформа темаларында.

Мурдагы башкы прокурор Кумторду иштеп чыккандарга каршы кылмыш иши ордунан жылбай турганына нааразы. Ушундай эле акыбалды Мегакомго байланышкан Максим Бакиев менен Алексей Елисеевдин кылмыш иштеринен көрүүгө болот.

- Дагы мисалы, Башкы прокуратура өзү жайгашкан имараттын болгону 0,5 га аянтый ээлейт экен. калгандары кимде? дейт Бекназаров. - Мурдагы премьер Николай Танаевдин «Ак-Кеме» кинотеатрынын жанындагы жери камакка алынган, бирок, азыр ал жерде көп кабаттуу үй турат. Мындай мисалдар абдан көп.

Эске салсак, убактылуу өкмөттүн курамына Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаева, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, «Ак шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев, УКМКнын мурдагы башчысы Кенешбек Дуйшебаев, Азимбек Бекназаров, Эмильбек Каптагаев, Эльмира Ибраимова, Болот Шер, Дүйшөнкүл Чотонов, Абдыганы Эркебаев жана Исмаил Исаков кирген.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх