Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Текебаев: Соттук жараян эмнеге 1-октябрга жылганын түшүнгөн жокмун

Экс-депутат ишинин тезирээк каралып бүтүшүн каалайт

Бүгүн, 12-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен ӨКМнин экс-башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун иши кайра каралды.

Сот Айнура Сатарова 1-октябрга чейин тыныгуу жарыялады. Анын айтымында, бул убакыт аралыгында алар бардык документтерди чогултушу керек. Буга чейинкидей эле Текебаев күнөөсүн мойнуна алган жок жана сот эмнеге отурумду 1-октябрга жылдырып салганын түшүнбөй жатканын айтты.

«Соттук жараянды 1-октябрга жылдыруу мага абдан таң калычтуу болду. Бул иштин тезирээк аякташын каалайт элем. Айып коюу боюнча корутундуда мен Маевскийге, мамлекетке же Кыргызстандын каалаган бир жаранына зыян алып келгеним жөнүндө сөз дагы жок. Ал жерде бир тыйындык зыян жөнүндө да сөз жок. Эгерде,зыян келтирилбесе, анда кайдагы кылмыш? Эмне үчүн мен жок күнөөнү мойнума алышым керек?»,- деди ал.

Журналисттер менен маектешүүдө Текебаев учурда жүрөгүндө олутту көйгөйлөр бар экенин, күнүнө 5-6 дары ичүүгө мажбур экенин билдирди.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg КРнын Жогорку соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкүл Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра карап чыгуу чечимин кабыл алганын жазган. Алар үй камагына чыгарылган.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх