Атамбаевдин туулган күнүндө кыргыз эстрада жылдыздары анын ырларын ырдап чыгышат
Мурдагы президенттин тарапташтары чыгармачыл кече уюштурушууда
Бишкек шаарында Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө карата чыгармачыл кече өтөт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КСДПнынтөрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтымында концерт Горький эс алуу багында 17-сентябрда өтөт.
- Кечеде кыргыз эстрада жылдыздары мурдагы президенттин ырларын аткарат, - деди Жолдубаева.
Мурдагы президенттин кеңешчиси, ошондой эле тарапташтардын эл чогултуу деле ниети жок экенин, тынчтык митинги өтөөрүн кошумчалады.
- Бардык каалоочулар катышса болот, - деп белгиледи Жолдубаева. Иш-чарада, мындан сырткары куттуктоо дептери ачылып, анда ар бир каалоочу каалоо-тилегин жазып калтыра алат. Дептер кийин Алмазбек Шаршеновичтин колуна тапшырылат.
Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев 1956-жылы 17-сентябрда төрөлгөн. Ушул жылы мурдагы президент 63 жашка толот.
Гулиза Чудубаева
фото www